Акыркы макалалар

Бишкек шаарында Нооруз майрамына карата даярдыктар башталды

Майрамга карата шаардын борбордун бөлүгүндө улуттук жана спорттук оюндар көрсөтүлүп, улуттук тамак-аштар коюлат. Биринчи Май районундагы мектептерде окуучулар арасында дилбаян жана сүрөт тартуу боюнча конкурстар уюштурулат.Көлмө жана Алтын-Бешик жаңы конуштарындын тургундары арасында футбол, волейбол жана баскетбол боюнча турнир уюштурулат. Ак-Босого, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо жаңы конуштарынын тургундарынын арасындагы да спорттук иш-чаралар өтүп, майрамдык концерт болот.

Панфилов атындагы сейил бакта аттракциондор иштеп, Биринчи Май районунун балдардын чыгармачыл борборлорунун тарбиялануучулары майрамдык концерт уюштурушат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...