Акыркы макалалар

Клавдия Святкина: "Үч окуучум генералдык наамга жеткен"

Клавдия Святкина: "Үч окуучум генералдык наамга жеткен"

Жалал-Абад шаарындагы №5 Бекмамат Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын залында бир топ жыл мугалимдик кесипти аркалап келген, учурда ардактуу эс алуудагы Клавдия Святкинанын 80 жылдык маарекеси болду. Аны аталган мектептин жалпы жамааты уюштуруп, ага шаардын вице-мэри Гүлзат Алимбаева баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Аксакалдар кеңешинин төрагасы Адыш Кочкоров, аялдар комитетинин төрайымы Турдукан Аманова, шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Чырмаш Дооронов жана шаардагы мектептердин директорлору күбө болушту.

-Мен ушул жерде чоңоюп, жогорку окуу жайды да Кыргызстандан окугам. Эң алгач №4 мектепке тарых мугалими болуп ишке орношком. Ошондой эле №5 мектеп гимназиясында 20 жыл директор болуп иштедим. Мен бир топ окуучуларды бүтүрдүм, алар азыр чет мамлекеттерде иштеп, жашап жүрүшөт. Андан сырткары мен тарбиялаган 3 окуучум генерал болгон. Ар дайым тарбиялаган балдарым менен сыймыктанып келем. Бүгүнкү күндү дагы өтө жакшы уюштурушуптур, мен аларга өз ыраазычылыгымды билдирем,- деп билдирди Клавдия Святкина.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...