Акыркы макалалар

"Элесин чыкпайт турат, эстен ойдон, Сиз барсыз арабызда тирүү бойдон!"

"Элесин чыкпайт турат, эстен ойдон, Сиз барсыз арабызда тирүү бойдон!"

Шаарыбыздагы Б. Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясында 14-февраль күнү “Манастын осуяттарынан – мамлекеттик идеологияга” атуу ачык эшиктер күнүн өткөрүү менен бирге КРнын Жогорку Кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты, коомдук, чарбалык жана саясий ишмер маркум Бекмамат Осмоновдун жаркын элесине арналган “Элесиң чыкпай турат эстен, ойдон, Сиз барсыз арабызда тирүү бойдон!” аттуу эскерүү кечеси болду.

Кечеге шаардык мэриянын вице-мэри Гүлзат Алимбаева, шаардык билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен районунун өкүлдөрү, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Аламан Адиев жана маркум Б. Осмоновдун туугандары катышты.

Алгач “Бабалардын мурасын, урпактары уласын” аттуу ийримге катышкан окуучулар арасында таймаш болду. Бул таймашка катышкан окуучулар кыргыз эли туу тутуп, даңазалаган улуу “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтышып, Манастын төрөлүшү тууралуу үй тапшырма, суроо-жооп, көркөм окууларды аткарышып өздөрүнүн чыгармачылык өнөрлөрүн тартуулашты.

Андан соң Кыргыз элинин чыгаан уулу, көрүнүктүү коомдук ишмер, маркум Бекмамат Осмоновдун жаркын элесине арналган эскерүү кече болду. Алгач маркумдун элесине куран окутулуп, анын өмүр таржымалы тууралуу видео сюжет көрсөтүлдү. Мектептин директору Гүлнара Маматова сөз сүйлөп, келген конокторго сөз берди.

Шаардык мэриянын вице-мэри Гүлзат Алимбаева куттуктоо сөзүн сүйлөп, бул иш чараны мыкты деңгээлде уюштуруп жаткан жетекчиликке жана эскерүү кечесине келип катышкан конокторго ыраазычылыгын билдирди. Шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Аламан Адиев жана маркумдун бир тууган агасы Осмонов Шермамат Осмонович сөз сүйлөп, балалык чактагы чогуу жүргөн күндөрүн эскеришти.

Мектеп окуучулары маркумдун элесине арнап патриоттук сезимди ойготкон мыкты сценарийлерди алып чыга алышты. Кеченин соңунда

Элесиңиз эч убакта унутулбайт,

Сиз барсыз арабызда тирүү бойдон!,- деген ыр саптарын коштой, өлкөнүн желегин желбиретип, Манас атабыздын жети осуятын туу тутуп, ант беришти.

Бекмамат Осмонов

(1945-1997)

Кыргыз элинин чыгаан уулу, нагыз патриоту Бекмамат Осмонов 1946-жылы 14-майда Базар-Коргон районундагы Акман айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.

Базар-Коргон районунун Кеңеш айылындагы мектеп интернатты 1963-жылы аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы айыл чарба институтунун зооветеринария факультетине кирген жана аны 1968-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

Бекмамат Осмонов эмгек жолун Ош областынын Кара-Суу районундагы “Катта-Талдык” асыл тукум кой заводунда зоотехник-селекционер болуп иштөөдөн баштайт. 1968-1969-жылдары советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1969-1971-жылдарда кайрадан “Катта-Талдык совхозунда башкы зоотехник болуп эмгектенет. 1971-1972-жылдары Араван районунун айыл чарба башкармасына башкы зоотехник болуп дайындалат.

Ал 1972-жылы Алай районунун “Чоң-Алай” совхозуна директор болот. Ал бул кызматта 1978-жылга чейин үзүрлүү иштеген.

Бул мезгилде “Чоң-Алай ” совхозу алдыңкы совхоздордун катарында болуп, ири ийгиликтерге жетишкен, элдин социалдык-экономикалык абалы жогорулаган. 1978-жылдын ноябрь айынан баштап ал Алай райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланат. 1985-жылы партиянын Ош областтык комитетине айыл чарба бөлүмүнүн башчысы кызматына которулат.

1988-1990-жылдары партиянын Токтогул райондук комитетинин I-катчысы. 1990-жылы Жалал-Абад областтык Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 1991-жылы жаңыдан уюшулган Жалал-Абад областынын алгачкы акими болуп дайындалган. Бул кызматта ал 1992-жылдын ноябрына чейин иштеген.

Андан кийин “КЫРГЫЗАГРОИМПЭКС” тин түштүк филиалында генералдык директор, 1994-жылы Ош областтык мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары. 1995-жылы Ош областтык кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Андан кийин республикалык Токойчулук агентигинин Жалал-Абад жана Ош областтары боюнча башкармасынын башкы директору, министрдин орун басары болуп эмгектенет. 1996-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Ош областынын токой чарба башкармасынын директору болуп турган.

Областтык Советтерге 7 жолу депутат болуп шайланган. 1989-1995-жылдары чакырылган Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Кыргыз элине сиңирген эмгеги үчүн 1984-жылы “Ардак белгиси” ордени, медалдар менен сыйланган. 1996-жылы “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын эмгек сиңирген ишмери” деген наам ыйгарылган.

Бекмамат Осмонов жүрөк оорусуна байланыштуу Москва шаарында операциядан кийин 1997-жылы 28-октябрь күнү 52-жашында күтүлбөгөн жерден дүйнөдөн кайткан.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынында 1998-жылдын январь айындагы №745-1 токтомунун негизинде Жалал-Абад шаарындагы №5 орто мектебине Б. Осмоновдун ысмы ыйгарылган.

Маркум Б.Осмоновду замандаштары эскеришет.

"

Ар ким билгенин айтар. Бирок Бекмамат жалпысынан Кыргызстандын кызыкчылыгын, анын элинин кызыкчылыгын жан-дили менен коргоого аракеттенчү, түндүк-түштүк маселесине же уруучулукка бөлүнүүнү жактырбай, бул маселелерде өзүнүн оюн айтып, облустарды, региондорду тар кызыкчылыктын өңүтүнөн бөлбөйлү, жарака кетирбейли деп турчу. Ошол эле мезгилде өзү иштеген региондун же тармактын кызыкчылыгын ыктуу коргой алган жигиттердин бири болчу.

+зүнүн аң-сезимин, билимин тынымсыз өркүндөтүүгө умтулушу, ар бир жумуштун майын чыгара иштеши, ак көңүлдүгү, шайырдыгы, чечендиги, элдин эсинде түбөлүк сакталаар жана кийинки муунга сабак болоор".

Апсамат Масалиев, мамлекеттик жана саясий ишмер.

"Бекмамат Осмонович ошо кездеги саясат боюнча жетекчиге керектүү бардык баскычтан өтүп, ийине жете такшалып, мына эми кандай чоң кызматты болсо да алып кетүүгө жараган кезде о дүйнөгө сапар тартты, жаш кетип калды.

Бекмамат Осмоновичтин элге кадыры терең сиңгени үчүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясында анын элесин түбөлүккө сактап калуу максатында атайын чечим кабыл алынып, атайын комиссия түзүлдү, комиссиянын төрагасы мен элем. Комиссия өз ишинин жыйынтыгы менен Бекмамат Осмоновдун атын республиканын борбору болгон Бишкек шаарындагы бир көчөгө, ошондой эле Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын бирден көчөсүнө, Алай районундагы бир мектепке ыйгарууну сунуш кылды, башка да сунуштар болду, мунун баарын Жогорку Кеңеш колдоду. Ушунун өзү Б. Осмоновдун кадыр-баркынын канчалыгын көрсөтүп турат. Чынында Бекмамат Осмонович өзүнүн өмүрүн ушундай урмат-сыйга татыктуу жашап өттү жана анын элеси элдин эсинде түбөлүккө сакталып калаары шексиз".

Турдакун Усубалиев, мамлекеттик жана саясий ишмер

"Бекмамат Осмонович өзүнүн толук кудуретин, күч-кубатын кызматка багыттап, айрым бир адаттан тышкары өзгөчө жумуштарды, жаңы идеяларды, башталмаларды аткарууну түздөн-түз жетектегенди, тыкандыкты, оперативдүүлүктү, тез-тез жыйынтык чыгара эмгектенгенди жактырчу. +зү бир ишенимге келип алса, аны катуу жана талыкпай коргоого жарамдуу, эрки күчтүү киши болчу. Бүгүнкү өткөөл мезгилде бизге так ушундай күчтүү кишилер керек. Бу кишиде анализ, салыштыруу сезимдери айрыкча өнүккөн, анткени өткөндүн тарыхын өтө көп окуган экен. Ошондон улам өткөндөн сабак алууга, үйрөнүүгө чоң маани берчү.

Бекмамат Осмоновичтин жүрүм-туруму деле жаштарга, ал тургай саясатка арым таштагандарга үлгү болор: эл аралаганда да ачык-айрым жүрүп, жөнөкөй жактары көп байкалчу. Бараандуу келбети башкача көрсөткөнү менен, көңүлүндө өзүн элита катары өзгөчө сезчү эмес, андай мамилеси да жок эле. Эч тартынбай, айтса да ошо элдин көзүнчө оюндагыны айтып, тамак ичсе да эл менен иче турган жакшы сапаттары бар болчу".

Тынычбек Табалдиев, коомдук ишмер

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...