Акыркы макалалар

Кыргызстандан Сирияга кеткендердин саны 318ге жетти

Бишкек, 16-март /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Кыргызстан боюнча Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын жалпы саны 318ге жетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.

Бакыт Сейитовдун айтымына караганда, Кыргызстандан Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын саны көбөйүүдө. “2014-жылы Кыргызстандан Сириядагы согушка азгырган 86 факты катталса, акыркы 2 ай ичинде эле 40 факты катталды. Тактап айтканда, бүгүнкү күндө Сирияга кеткен кишилердин жалпы саны 318ге жетти. Алардын 56сы аял. Ал эми ал жакка кеткен жарандарыбыздын 31и Сирияда курман болду”,- дейт Б.Сейитов.

Соңку мезгилде Ысык-Көл облусунан Сирияга кеткендер көбөйүүдө. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкери Жеңишбек Абыканов: “Акыркы үч ай ичинде Ысык-Көл облусунан Сириядагы согушка азгырылып кеткендердин жалпы саны 35 адамды түздү. Алардын 8и эркек, 12си аял. Аларды 15ге жакын өспүрүм балдары ээрчип кетишкен. Негизинен Сирияга кеткендердин Ак-Суу, Тоң райондорунан жана Каракол шаарынан кетишүүдө”,-дейт ал.

Ал эми КРнын ИИМ 10-башкы башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев : “Бүгүнкү күндө кыргыз жарандары түшүнбөстүктөн жана билбестиктен Сирияга кетип жатышат. Бирок, жарандарыбыз унутпашы керек, Сирияга барып келген ар бир адам мыйзам чегинде жоопко тартылат. Мисалы, Сириядагы согушка катышып келгендиги үчүн жакында эле Базар-Коргон районунан бир адам соттун чечими менен 4 жылга эркинен ажыратылды ”,- деп билдирген.

"Кабар-Пресс" мамлекеттик маалымат кызматы

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...