Акыркы макалалар

Сириядан кайтып келген эки жаран соттолду

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун эки тургуну соттун чечими менен 5 жана 9 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу тартип коргоо органдарынан “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, Кара-Суунун Кашкар-Кыштак айылынын эки тургуну Сириядан кайтып келген соң кармалган.

Өткөн аптада Ош облустук соту Сирияга кеткендерге байланыштуу дагы бир ишти карады. Анда айыпталуучуларды 2 жылдан 16 жылга чейин эркинен ажыратуу суралды.

Тартип коргоо органдарынын маалыматы боюнча, жалпысынан Кыргызстандан Сириядагы согушка кеткендердин саны 230дан ашуун. Булардын арасында аялдар да бар.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...