Акыркы макалалар

"Ак Илбирс" кино сыйлыгына билдирүүлөр кабыл алына баштады

"Ак Илбирс" кино сыйлыгына билдирүүлөр кабыл алына баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү, кинорежиссер Садык Шер-Нияз билдирди.

Ал улуттук кино сыйлык 2012-жылы таасирдүү киноматографисттердин тобу тарабынан Кыргызстандагы кинематография жаатындагы жетишкендиктерди баалаш үчүн негизделгенин эскертти.

"Ак Илбирс" кинематографисттер союзунун, "Айтыш" коомдук фондунун, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кинематография департаментинин колдоосу менен өткөрүлмөкчү.

Шер-Нияз бул жолу "Ак Илбирсти" тапшыруу буга чейинки иш-чаралардан өзгөчөлөнө турганын айтты.

"Жетишерлик аз убакытта бул сыйлык таанымал болду. Бул жолу "Ак Илбирс" өзгөчөлөнөт жана анын катарына борборазиялык тасмалар кошулат. "Борбор Азиянын эң мыкты тасмасы" жана "Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн" деп аталган эки номинация негизделди",-дейт ал.

Фестивалга катышуу үчүн билдирмелер 15-апрелге чейин кабыл алынат. Сыйлык тапшыруу аземи 16-майда "Манас" кинотеатрында өткөрүлөт.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...