Акыркы макалалар

Бири-бирибизди тилмечи жок түшүнөбүз

Бири-бирибизди тилмечи жок түшүнөбүз

Жалал-Абад шаарында 15-февраль күнү ар кандай көрүнүштөрдүн көптүгү менен коштолду. Айтайын дегенибиз, 100дөн ашуун адам, шаарда жайгашкан “7-канал” теле-радио компаниясынын алдына чогулду. Чогулгандар, бул теле-каналдан маалымат өзбек тилинде берилишине каршыбыз жана өзүбүзүн мамлекеттик тилде берилишин талап коюп келдик дешти. Анткени кыргыз тилин өзбек эли тилмечи жок түшүнөт, анан калса биздин жердештер Ташкенттеги өзбектер менен сүйлөшсө, тескерисинче тилмеч керектеле тургандай жагдай болуп калаарын өздөрү деле тамашалап айтып жүрүшөт. Алардын арасынан Айгүл Алыбаева: “Жалал-Абад Кыргызстандын жери болгондон кийин бул жерде жашаган башка улутттар мамлекеттик тилде сүйлөшү керек. Бизден башка чет өлкөлөрдө өздөрүнүн расмий тилин беришпейт. Кыргызстанда жашаган ар бир улутка карап, алардын тилинде сүйлөй берсек биз кыргыз эли качан улут катары уюп, калк катары калыптанабыз?. Ким кепилдик бере алат кечээ күнкү июнь окуясы кайталанбашына эч ким кепилдик бере албайт” – деп чогулгандарга кайрылды.

Чогулган элдин алдына 7-каналдын жетекчиси Алтынбек Жумаев чыгып: “Биздин каналга Жалал-Абад шаарында жашаган өзбек тургундар кайрылуу жасашкан. Ушул күнгө чейин бул туурасында бизде өзбек тилдүү кабарчы жок деп, алардын өтүнүчүн аткарбай келгем. Мен бул кайрылууну эмне үчүн кабыл албашым керек. Мен ага милдеттүүмүн жана маалымат кабарлардын өзбек тилинде да чыгарылышынан эч кандай жамандык көрбөйм. Бул чечимге келүүдө эч кимдин каалоосу жана колдоосу болгон эмес, жеке өзүмдүн жана 7-каналдын жамаатынын чечими. Бул маселени кайрадан жамаат менен караштырабыз” – деп билдирди.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...