Акыркы макалалар

Суу тармагынын абалы

Суу  тармагынын  абалы

Жалал-Абад шаарындагы коммуналдык суу чарба тармагына күнүмдүк биз ичкен суунун кандай жолдор менен бизге жетээрин, ал канчалык деңгээлде таза экендигин, суу түтүктөрүнүн абалы тууралуу жакындан билүү үчүн, аталган ишкананын абалы менен жакындан тааныштык.

Коммуналдык суу чарба тармагынын директору Айтбай Мусаевдин айтымында, шаарда эң алгач 1952-жылы суу түтүктөрү курула баштаган. Болжол менен куруу иштери 1960-жылдарга чейин созулган. Негизинен, суу 100 м тереңдиктен атайын шаймандар менен сорулуп алынат жана сапатын бир жумада төрт жолу лаборанттар текшерүүдөн өткөрүп ,күн сайын көзөмөлдөп турат. Себеби, суу аркылуу биздин тургундар ар кандай ооруга туш болуп калуу коркунучу бар. Андыктан ар кандай оорулардын алдын алуу максатында тийиштүү кызматкерлер дыкат текшерүүдөн өткөрүп, калктын камын көрүп келишет. Ал эми суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткен. Ушул учурга чейин каражаттын тартыштыгынан бир да жолу толук оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Жада калса, суу түтүктөрүндөгү ар кандай кырсыктарды жөнгө салуу үчүн бара турган автотранспорт да жарактан чыккан.

Шаарды суу менен камсыз кылуу үчүн суу канал толугу менен электр энергияга көз каранды. Андан сырткары калаадагы гүл бакчалар, эс алуу бактарындагы дарактар, деги эле өсүмдүктөрдүн баары суу түтүктөрү менен сугарылат. Реаблитациялоо планы үстүбүздөгү жылы ишке киргени жатат. Долбоордун негизиндеги планды ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы 7000 АКШ доллар өлчөмүндө инвестиция берген. Алдыда аткарылуучу иштердин бири бул Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Благовещенка айлына 100 м суу өлчөгүч шаймандар коюлат.

-Аталган ишканада 145 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинен 16сы башкаруу аппаратында, ал эми 17си күндөлүк персоналдык кызматта эмгектенишет. Калгандары оңдоп түзөөчү усталардан, сантехниктерден, газовщиктерден турат. Ошондой эле 2 авариялык бригада бар. Булардын орточо эмгек акысы 8043 сомду түзөт,- деп билдирет коммуналдык чарба тармагынын экономикалык божомолдоо бөлүмүнүн башчысы Абдыжапар Абдрахманов.

-Суу түтүктөрү көп эле учурлардан жарылып, суу берүү үзгүлтүккө учурайт. Кызматкерлер тарабынан кыштын бороондуу ызгарына карабай жарылган суу түтүктөрү оңдолуп түзөлөт,- дейт диспетчер айым Идаят Токторова.

-Кайсыл жерде суу түтүгү жарылгандыгын кантип билишет? Кырсык болгондо, катталган жердин тургундары өздөрү кабарлайт. Кандай шартта болбосун, суу жумшак жакка тартылгандыктан жердин үстүнө 2 күнгө жетпей чыгат. 150 диаметрдей куфтага атайын куурларды бири-биринен ажырап кетпеш үчүн сүртүлө турган майлар бар.Ошолор менен майланат да анан орнотулат. Жер астындагы суу өткөргүчтөр шаарга шакек формасында орнотулган. Эгерде бир жерде кырсык болсо, аны оңдоо үчүн ошол аймактын суусун өчүрүүгө туура келет. Жок эле дегенде күнүгө 2, же 3 кырсык катталат. Жерден 3 м тереңдикти экскватор менен казып,а тайын усталар алынып келинген куурду орнотушат,- деп билдирет комуналдык чарба тармагынын башкы устасы Турусбек Ашырбеков.

Гүлзат САГЫНАЛЫ кызы

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...