Акыркы макалалар

Сатыбалдиев Аткинсонду кабыл алды

Сатыбалдиев Аткинсонду кабыл алды

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 14-февралда Бишкекте "Центерра Голд" компаниясынын президенти Ян Аткинсон менен жолукту.Эки тарап кандай гана шарттар болбосун,Кумтөрдө өнөр-жай тынымсыз иштеш керек деген макулдашууга келишти.Ошол эле мезгилде Кумтөрдүн маанилүүлү Кыргызстан үчүн жана инвесторлор үчүн чоң экендиги баса белгиленип,Кумтөр долбоорунда Кыркызстандын экономикалык жана башкаруу позицияларын жакшыртуу керек экендиги айтылды.Жана ошондой эле Аткинсон түзүлгөн кырдаалдан конструктивдүү сүйлөшүүлөр аркылуу чыгууга даяр экендигин айтты.Бул тууралуу Марал радиосуна өкмөттүн маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдирди.Кабарды кененирээк www.maralfm.kg сайтынан аудио форматында уга аласыздар.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...