Акыркы макалалар

Кыргызстанда 15 бийик тоолу көлдүн ашып кетүү коркунучу бар

Бул боюнча биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин катышуусунда өткөн селектордук жыйында Чукул кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

Айтымында, Кыргызстанда 100дөй бийик толуу көлдөр бар. Алардын он бешинде биринчи деңгээлдеги ашып кетүү коркунучу бар. «Алардын бири Таласта, Нарында, Ошто. Ал эми Чүйдө алтоо жана Ысык-Көлдө бешө».

Ошондой эле министрдин маалыматында, 33 эң кооптуу радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жай бар.

«Бул жайларды калыбына келтирүү үчүн 47 млн. АКШ долларынын өлчөмүндө каражат талап кылынат. Азыр биз Майлы-Суу шаарындагы калдык сактоочу жайды калыбына келтирүү ишин жүргүзүн атабыз. Ага Дүйнөлүк банк 12 млн. АКШ долларын бөлгөн».

Министрдин айтымында, 2013-2018-жылдар аралыгында Миң-Куш жана Кажысайдагы калдыктар сакталуучу жай үчүн эларалык донорлор 16 млн. доллар акча бөлмөкчү.

15.02.2013 | «24.kg» MA Жазгүл МАСАЛИЕВА

Түп нускага шилтеме : kyr.24.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...