Акыркы макалалар

Осмонов: Сауд Аравиясы зыяратчыларды быйыл биометрикалык паспортсуз кабыл алат

Сауд Аравиясы зыяратчыларды биометрикалык паспортсуз кабыл алууга макул болгону менен, алар биометрикалык маалыматтарын баары бир тапшырышы керек.

Сауд Аравиясы быйылкы ажылык сапарда зыяратчыларды биомертикалык паспортсуз эле кабыл алмай болду, бирок, алар баары бир биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек. Бул туурасында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Бакыт Осмонов маалымат жыйынында айтты.

Кыргыз зыяратчылары туурасында маалыматтар азырыныча эсептегич жабдуулардын жардамы менен текшерилмекчи.

Бакыт Осмонов ажыга барууну каалаган зыратчылар баары бир биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керектигин айтты.

"Сауд Аравиясы биометрикалык паспорттор боюнча өзүнүн чечимин каалаган учурда өзгөртүп жибериши мүмкүн, себеби, алар дүйнөнүн ар тарабынан миллиондогон зыяратчыларды кабыл алгандыктан, коопсуздукту камсыз кылышы керек", — деди Осмонов.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...