Акыркы макалалар

"Айчүрөк" дүкөнү кырсыктан соң штаттык режимде иштеп жатат

"Айчүрөк" дүкөнү кырсыктан соң штаттык режимде иштеп жатат

Азыр соода борборундагы кырсык болгон лифтти колдонууга чектөө коюлду.

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан "Айчүрөк" соода борбору кырсыктан кийин штаттык режимде иштеп жатканын окуя болгон жерден Sputnik сайтынын кабарчысы билдирди.

Азыр кырсык болгон лифтти колдонууга чектөө коюлду. Калгандары соода борборго кириg-чыккан эл үчүн ачык.

Жума күнү эртең менен "Айчүрөк" соода борборундо лифт оңдоп жаткан эки киши аркан үзүлүп кетип, 6-кабаттан кулап түшкөн. Алар 35 жана 36 жаштагы жарандар экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык болгон жерге келген дарыгерлер 6-кабаттан кулап түшкөн эки жаран ошол жерде каза болгонун аныкташкан.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...