Акыркы макалалар

«ТАТЫКТУУ ЖАШООНУ КАМСЫЗ КЫЛГАН ӨЛКӨНҮ ТҮЗҮҮ МАКСАТЫН КӨЗДӨЙБҮЗ...»

«ТАТЫКТУУ ЖАШООНУ КАМСЫЗ КЫЛГАН ӨЛКӨНҮ ТҮЗҮҮ МАКСАТЫН КӨЗДӨЙБҮЗ...»

Жакында Бишкек шаарында Республикабыздын булуң бурчунан чогулган 1000ден ашуун аялдардын катышуусунда Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форуму болуп өттү.

Улуттук Форум үч башкы датага арналып: Кыргызстан аялдарынын кыймылынын 90 жылдыгы, дүйнөдөгү кыз-келиндердин абалын жакшыртуу боюнча аракеттердин Пекин платформасы кабыл алынган мезгилден берки 20 жылдыкты, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Тынчтыкты сактоодо, тынчтыкты жаратууда жана чыр-чатактан кийин калыбына келтирүүдө аялдардын салымын таануу боюнча 1325 резолюциясы кабыл алынышынын 15 жылдыгын белгиледи.

Улуттук Форум «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фонду баш болгон бир катар өкмөттүк эмес уюмдардын демилгеси менен өткөрүлдү.

Баса белгилечү нерсе, Аялдардын Улуттук Форуму өлкөбүз көз карандысыздыкты алган жылдардан берки мындай жогорку деңгээлде өткөн биринчи иш чара болуп эсептелди.

Форумду өткөрүүдө Кыргызстандын экс-Президенти Роза Отунбаева башында турган уюштуруу комитети түзүлүп, профилдүү өкмөттүк эмес уюмдардын топтору тарабынан тематикалык конференциялар даярдалган. Форумду өткөрүүгө Кыргыз Өкмөтү жана БУУ, ЕККУ жана башка эл аралык донорлор колдоо көрсөтүшкөн.

Улуттук Форумдун негизги максаты – улуттук аялдар кыймылынын диалогу жана кызматташтыгы үчүн платформаны түзүү, аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, туруктуу өнүгүү жана демократиялык башкаруу, Пекин-20 процессинин контекстинде мамлекеттин светтик экендигин эске алуу менен аялдар жана эркектерди бириктирүү болуп саналат. Бул алдыдагы ондогон жылдарда бүткүл өлкөнү жана Республикабыздын жарандарын андан ары өнүктүрүү үчүн түрткү берет.

Форумдун биринчи күнү анын катышуучулары өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча секцияларга бөлүнүшүп, беш жерде ар кыл темада конференциялар өтүп, анын жүрүшүндө панелдик талкуулар жүргүзүлдү.

«Коомдогу жаңы чакырыктар жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү» конференциясы К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинде өтүп, анын уюштуруу иштери «Курак» аялдар Форуму» коомдук бирикмеси тарабынан жүргүзүлгөн. Конференциянын алкагында «Аялдар жана ишкердик» темасында панелдик талкуу жүргүзүлүп, анда аялдар ишкердигин колдоо боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуунун жана киргизүүнүн зарылдыгы жөнүндө маселе көтөрүлсө, «Евразия биримдиги: перспективасы жана аял-ишкерлерди көнүктүрүү» панелдик талкуусунда Евразия биримдиги бизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келгендей эле жаңы көйгөйлөрдү да жаратаары, негизинен, аялдар эмгектенген тармактар үчүн Евразия биримдигине мүчө болуунун кесепеттери, Кыргыз Республикасы тышкы рынокко сырьёдон башка эмнени сунуш кыла алат, биздин өндүрүүчүлөрдүн чет өлкөлүк рынокторго жетүүсүн жеңилдетүү үчүн Өкмөт эмнени кепилдейт, дегеле, аялдардын чакан жана орто бизнеси кандай өнүгөт деген суроолорго жооптор изделди.

«Миграция жана иш менен камсыз кылуу: жакырчылыктан кантип чыгууга болот?» панелдик талкуусунда өлкөнүн экономикалык финансылык өнүгүүсүнүн татаалдыгынан улам өлкөдөн миграциялык агымдар төмөндөбөй, аял мигранттар турмушта чоң кыйынчылыктарга туш болуп жатышканы, ошондуктан мамлекет калкты, анын ичинде аялдарды, жалгыз бой энелерди иш менен камсыз кылуу саясатын иштеп чыгууга жана туруктуу ишке ашырууга тийиш экендиги баса белгиленди. Мындан сырткары, талкууда чет өлкөдөгү аял мигранттардын түйшүгүн кантип жеңилдетүүгө болот, үй-бүлөнү кантип сактоо керек, кайтып келүүгө, жумуш орундарын түзүүгө, ишке орноштурууга кантип жардам берсе болот жана башка маселелер кеңири талкууга алынды.

«Айылдык аялдар - ийгиликке карата жол» панелдик талкууда өлкөбүздө жакыр адамдардын көбүн аялдар түзөөрүн, ал эми климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири, сууга, энергияга жетүүдөгү кыйынчылыктар, жерди иштетүүдө, түшүм жыйноодо жана продукцияны кайра иштетүүдө техниканын жоктугу жакырчылыктын көйгөйлөрүн тереңдетип жана курчутуп жаткандыгы айтылып, мындан сырткары, конференциянын жүрүшүндө «Финансылык сабаттуулук», «Ишкерлигим жан дүйнөм үчүн», «Кадрларды тандоо ыкмалары», «Айылда бизнести кантип ачууга болот: жол-жоболор жана укук», «Команда-бул маанилүү!», «Өз жашооңдун чебери бол», «Идея бар, бирок бизнес ачууга каражаттар жок» темасында мастер класстар өттү.

«Аялдардын жана кыздардын ден соолугу» конференциясы КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында өтүп, аны «Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянс» коомдук бирикмеси уюштурган. Конференцияда катышуучуларга даректүү видеотасма көрсөтүлүп, бул конференциянын алкагында да бир нече панелдик сессиялар жүрдү. Алсак, «Менин ден соолукка болгон укугум» панелдик сессиясында кыргызстанда калктын репродуктивдүү ден соолугун камсыз кылууга жаңы мамилелерди калыптандыруу керектиги, өлкөдө эненин өлүмгө учурашынын социалдык жана укуктук өңүттөрү, жаштардын, өзгөчө кыздардын жыныстык билим алуусундагы жетишпестиктер, ким күнөөлүү жана эмне кылуу керек жана башка маселелер талкууга алынса, «Ден соолукту алдын алууда кызматташтык жана өнөктөштүк» панелдик сессиясында кыздардын жана аялдардын ден соолугун чыңдоону алдын алуу, дене тарбиясы менен машыгуу, пландуу скрининг, онкологиялык бейтаптарды колдоого багытталган тилектеш формаларды мобилизациялоо жана өздөштүрүү, кыздардын жана аялдардын сапаттуу, туура тамактануусу – ден соолуктун негизи туурасында талкуулар, суроо жооптор жүрдү. Ал эми «Мезгилдин кооптуу чакырыктары» панелдик дискуссияда аялдар арасында социалдык маанилүү оорулардын өсүш динамикасына кантип каршы туруу керектиги, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн инклюзивдик кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын жана кыздардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкуулар жүргүзүлүп, суроолорго жооптор берилди. Ушул эле конференциянын алкагында «Коопсуздук маршруту», «Социалдык маанилүү оорулар жагынан өз тобокелдигиңди баала» мастер классы, «Жашоо циклинде өспүрүмдүн ден соолугу» компьютердик окутуу курсу, «Эрте кийлигишүү - майыптыкты азайтууга карай жол» жана «Биздин балдар жана биз» долбоорунун бет ачары болуп өттү.

«Сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүк» конференциясы Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө карашту Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясында өтүп, анын уюштуруу иштерин «Ачык линия» коомдук фонду ишке ашырган. Конференциянын жүрүшүндө «Натыйжалуу коргоо каражаттарына болгон укук» жана «Улуттук сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатуу» темасында панелдик дискуссиялар болуп, анда акыркы мезгилдеги аялдарга, балдарга каршы зомбулуктун кыйла бийик чыңалуусу укуктук ченемдердин натыйжалуулугу, аялдарды коргоонун укуктук каражаттарына жеткиликтүүлүгү тууралуу маселелеринин кайра көтөрүлүп жатканы, гендердик сезимтал адвокаттардын жетишсиздиги, ЖК жана прокуратура органдары тарабынан КРнын мыйзамдарынын ченемдеринин аткарылышын көзөмөлдөө начар экендиги, жергиликтүү бюджеттерде гендердик зомбулукту алдын алууга бир тыйын каралбагандыгы, гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарды коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр стандартын иштеп чыгуу жана тажрыйбага киргизүү зарыл экендиги айтылды. Мындан сырткары КРнын мыйзамдарында кыздарды уурдагандыгы үчүн абактык жазалоо мөөнөтүнүн көбөйтүлгөнү гендердик басмырлоо үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча олуттуу кадам болуп калганы айтылып, гендер жана үй-бүлөлүк жарандык иштер боюнча: ажырашуулар, алименттер, мүлктү бөлүштүрүү боюнча соттук тажрыйбаны үзгүлтүксүз жалпылоо жана талдоого алып туруу зарылдыгы баса белгиленди. Конференциянын жүрүшүндө «Дененин тили: курмандыктар менен иштөөнүн психологиялык аспекттери, курмандык синдрому», «ойлор аларды жайылтууга арзыйт» мастер класстары өтүп, катышуучулар секцияларга бөлүнүп, «Кантип мыйзамды иштегидей кылуу жана мамлекеттик түзүмдөрдү зомбулукту жок кылуга милдеттендирүү керек?», «Аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү үчүн бүткүл коомду кантип көтөрүү керек?», «Катталбаган нике көйгөйү» темаларында талкуулар жүрдү. Жалпы дискуссия жүрүп, тыянактар жана сунуштар айтылган соң «Бардыгы үчүн тең укуктар! Биз зомбулукка каршыбыз» флешмобу конференцияны жыйынтыктады.

«Аялдардын саясий процесстерге катышуусу жана ролу» аттуу темадагы конференция И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинде өтүп, анын алкагында «Аялдар коомдук жана саясий процесстерде» жана «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын гендердик өңүттөрү» темаларында панелдик сессиялар өтүлдү. Аталган панелдик сессияларда өлкөнүн коомдук жана саясий жашоо-турмушунда аялдардын таасири байкаарлык өсүп баратканы, аял саясатчылардын демократиянын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жатышканы, алар ЖКтин болочоктогу шайлоолорунда кыймылдаткыч күч болуп калышаары, ошондой болгон күндө да жогорку мамлекеттик кызмат бутактарында аялдар аз экендиги, аларды чечим кабыл алынуучу кызматтарга көбүрөөк жылдыруу керектиги баса белгиленип, аялдар жаңы парламентте кандай депутаттарды көргүлөрү келээри, жарандык окутууларды уюштуруу аркылуу аялдардын кызматташтыгын жана тилектештигин өнүктүрүү маселелери талкууга алынды. Конференциянын экинчи бөлүгүндө «Шайлоо процесси, КРнын Жогорку жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго кантип туура даярдануу керек?», «Жетекчи аял: жомокпу же чындыкпы?», «Заманбап бюджеттик саясат аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылабы?», «Аялдардын жарандык позициясы жана саясатка катышуусу», «Кыздардын көз карашы», «Менин Кыргызстаным-менин өлкөм» темаларында секциялык иштер, мындан сырткары, «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы коомдук бирикмесинин «Аялдардын саясатка катышуусу боюнча колдонмо» окуу куралынын бет ачары жана «Мен депутат болом! Мен аялдардын укугу үчүн!» темасында мастер класс болуп өттү.

«Билимдүү аял—билимдүү мамлекет» конференциясы кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында өтүп, анын башталышында «Жайлоодогу бала бакчалар» видеоролиги көрсөтүлдү. Конференциянын уюштуруу иштери «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан жүргүзүлгөн. Конференциянын биринчи панелдик талкуусунда мектепке чейинки тарбиялоо ата-энелердин, мектептин, мамлекеттин көңүлүн өзүнө көбүрөөк буруу зарылдыгын, жаңы балдар бакчаларын курууда жана түзүүдө эмне үчүн мамлекеттик жеке өнөктөштүк жакшы иштебей жатканы, балдардын өсүүсүнө эрте кийлигишүү керектиги жана башка маселелер талкууга алынып, Масару Ибуканын кыргыз тилине которулган «Үчтөн кийин кеч» китебинин бет ачары болуп өттү. Аталган конференциянын экинчи панелдик сессиясында «Эмне үчүн балдар мектептен кетишет: ким күнөөлүү, эмне кылуу керек?», «Мезгил талабына жооп берген билимдүү аял болуу деген эмне?», «IT - билим аялды ийгиликке жеткирет» темаларында талкуулар жүргүзүлүп, «Балдардын мектептен кетүүлөрүн кантип болтурбай коюуга болот?», «Аялдардын функциялык билими» жана башка темаларында секциялык иштер, «Монтессори-Кыргызстандагы педагогика, «Ар бир бала – гений», «Балдардын мектептен кетүүлөрүн кантип болтурбай койгонго болот», «Адамды өнүктүрүү үчүн маданият», «Жашоо үчүн билимдер, иш билгилик жана кошумча жөндөмдөр», «Менин Бейпил жана Бейкут мектебим» жана башка темаларда мастер класстар, ийгилик тарыхы жана бет ачарлар болуп өттү.

Улуттук Аялдар Форумунун экинчи күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өтүп, алгач катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Аялдар кыймылынын 90 жылдыгынаТуруктуу өнүктүрүү максаттары, Аялдардын абалын жакшыртуу боюнча иш аракеттердин Пекин платформасынын 20 жылдыгына карата видеоролик тартуу кылынды. Мындан соң Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин Форумдун катышуучуларына кайрылуусу жолдонуп, саламдашуу сөзү менен КРнын премьер-министри Ж.Оторбаев, видео кайрылуу менен БУУнун Башкы Катчысынын орун басары, «БУУ - Аялдар» Түзүмүнүн аткаруучу деректири Фумзиле Мламбо-Нгкука кайрылды.

Мындан соң Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаеванын сүйлөгөн сөзүн Форумдун катышуучулары кызуу кол чабуулар менен тосуп алышты. Аялдар билим берүү маселесин коомдогу башкы маселе деп эсептээрин, ошондуктан билим берүү жаатында демилгелер аз эмес экендигин баса белгилеген Р.Отунбаева учурда балдардын 90 пайызга жакыны бала бакчаларга барбай жаткандыгын, ошондуктан «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аракети менен былтыркы жылы 100 жайлоо бала бакчалары ачылгандыгын жана дагы ачууга аракеттер көрүлүп жатканын, быйылкы жылы күздө боло турган Парламенттик шайлоого аялдар активдүү катышышы керектигин, себеби, учурда ЖКда «оозуна талкан сугунуп алгандай» айым депутаттар бар экендигин, биз тизмесинде мындай айымдар бар партияларга кийинки шайлоодо добуш бербешибиз керектигин, 2030-жылга чейин аялдар Парламентте 50 пайыз орун ээлейбиз деген милдеттенме алышы керектигин баса белгиледи.

- Акыркы кездерде жогорку мамлекеттик кызмат бутактарына аялдарды көбүрөөк жылдыра башташты. Бирок өлкөдө ушул кезге чейин аялдарды чечим кабыл алынуучу кызматтарга план ченемдүү жылдыруу боюнча туруктуу, түшүнүктүү мамлекеттик саясат жок. Республикадагы 44 акимдин ичинде 1 гана аял бар, элүүдөн ашуун университеттердин ректорлорунун арасында бир гана аял ректор болсо, күч органдарында аялдар абдан кыйынчылыктар менен жылдырылат. Коомубузда ала качуу, талак аркылуу ажырашуу, эмдөөгө каршы чыгуу сыяктуу көйгөйлөр жок эмес. Маалыматтар боюнча күнүнө республикабызда 32 кыз ала качуу болуп турат. Аялдардын көпчүлүгү маалымат технологиясы менен тааныштыгы жок. Ошондуктан, балким биз, аялдар ушул көйгөйлөр менен жетишээрлик деңгээлде күрөш жүргүзбөй жатабызбы деген суроо туулбай койбойт. - деди өз сөзүндө Роза Отунбаева.

Мамлекеттик Филармонияда эки мазмундуу сессия өтүп, анда Форумдун биринчи күнүндө өткөн конференциялардагы сунуш пикирлер, демилгелер, программалар чогултулуп, жыйынтыкталып, биринчи панелдик сессия «90 жыл - уландысы бар...» деген аталышта өтүп, анда «Аялдар бийликте жана чечимдерди кабыл алуу процесстеринде», «Аялдар - жарандык коомдун кыймылдаткыч күчү», «КРнын Конституциясы эркектер менен аялдардын бирдей укуктарын жана эркиндиктерин, бирдей мүмкүнчүлүктөрүн турмушка ашырууга кепилдик берет», «Аял тынчтык жана коопсуздук», «Гендердик теңчилик жана туруктуу өнүгүүнүн максаттары жана 2015-жылдан кийин өнүктүрүүнүн күн тартиби», «Кыргызстан кыздары: Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумуна кайрылуу» темаларында дискуссия суроо-жооптор өтсө, экинчи панель «Аялдар менен кыздардын абалы мамлекеттин күзгүсү сыяктуу» аттуу темада өтүп, «Кыз-келиндердин ден соолугу - Кыргызстандын келечеги», «Билимдүү аял-билимдүү мамлекет», «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан экономикалык зыян», «Аялдардын укуктарын камсыз кылуу...», «Кыргызстандагы аялдар кыймылы көйгөйлөр жана келечектер», «Мамлекеттик саясат жана мамлекеттин милдеттенмелери», «2015-жылдан кийинки мезгилде теңдеш укуктар жана мүмкүнчүлүктөр саясатын өнүктүрүү стратегиясы» боюнча дискуссия жүрүп, суроолорго жооптор алынды.

Мындан соң Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумунун жыйынтык документи сунуш кылынды.

Аялдардын Улуттук Форумунун экинчи бөлүгүндө Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумунун сыйлыктары менен эң татыктуу аялдарды сыйлоо аземи болуп өттү. Мындан соң катышуучуларга «Сармерден» тобунун жана ар бир облустун чыгармачыл айымдарынын катышуусунда концерт тартууланды.

Аялдардын Улуттук Форумунун алкагында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында Көргөзмө уюштурулду. Анын негизги максаты - аялдардын өкмөттүк эмес уюмдары, бирикмелери, ассоциациялары, билим берүү, саламаттык сактоо, соода жана өндүрүш кызматтары аркылуу өнөрчүлүктүн, оригиналдуулуктун өз стилин, аялдардын абалын жакшыртууга инновациялык ыкмаларды колдонуу болду.

Жаңылыктарга, чакырыктарга толгон эки күн ичинде Форумдун делегаттарына «Курманжан Датка» фильми көрсөтүлүп, көрүүчүлөр ага катышкан актерлор менен баарлашуу бактысына туш болушса, мындан сырткары жаңы китептердин презентациялары, флешмобдор, көргөзмө-жарманкелер уюштурулган.

Ошентип, эки күнгө созулган Форумдун жыйынтыгы менен «Тең укуктар менен тең мүмкүнчүлүктөр-өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизги милдети» аттуу документ кабыл алынып, анда «...Биз, зордук зомбулуксуз, коррупциясыз, бирөөлөрдөн коркуп көз каранды болбогон жана мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары бирдей, коомдун ар бир мүчөсүнө сапаттуу саламаттыкты сактоону, билим берүүнү, адилеттүү сотту жана коопсуз жашоону камсыз кылган өлкөнү түзүү максатын көздөйбүз...» деп баса белгиленди.

Клара ЭСЕНАЛИЕВА, Бишкек шаары. 2-3-март 2015-жыл.

Сүрөтү: автордуку.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...