Акыркы макалалар

ЖАШТАР ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК

К.Мамбеталиева атындагы Нарын мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейинде февраль айынан тартып «Өнөр-Булак» коомдук бирикмесинен утулуп алынган «ИСУР» коомдук фондусунун каржылоосундагы «Биомаданий ар-түрдүүлүктү музей сабактарында түзүү менен үйрөнөм» аттуу долбоордун алкагында жаштарга улуттук кол өнөрчүлүк боюнча сабактар өтүлүп баштады.

Долбоордун алкагында жаштар үчүн кыргыз улутунун кылымдардан берки салт-санаасын, кол өнөрчүлүгүн, узчулуктарын үйрөнүп, билүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Буга 8-12 жаш курагындагы балдар катышып, сабактар теориялык жана практикалык түрдө жүргүзүлүп жатат. Н.Кыдырова, Б.Эшенова сыяктуу музейдин илимий кызматкерлери «Жүндү иштетүү», «Жүндүн сорттору», «Улуттук оюм-чийимдер», «Боз үй» деген темаларда теориялык сабактарды өтүшсө, практикалык сааттарда «Ай-Тилек» кооперативинин жетекчиси, кол-өнөрчү, уз Б.Төлөгөнова тарабынан мастер-класстар өткөрүлүүдө. Аталган долбоор алты ай аралыгын камтып, анын ичинде теориялык, практикалык үйрөтүү иштеринен сырткары катышуучулар арасында өздөрү жасаган кийиздерден сувенирлерди жасап, жыйынтыктоочу конкурстар болуп турмакчы.

- Ата-бабаларыбыз күнүмдүк турмуш-тиричиликте колдонуп келген жүн, кийиз, чийден жасалган кыргыз улуттук кол-өнөрчүлүк буюмдары айыл жеринде азыркы учурга чейин пайдаланылып, же мурунку муундагылар үчүн жакшы тааныш болгон менен убакыт өткөн сайын унутта калып бараткандай. Себеби, музейге келип окуп жаткан окуучулардын кээ бири жүн эмнеден алынаарын билбегендигине күбө болдук. Сабактардын өтүлүшү менен, балдар билбегендерин билип, кол-өнөрчүлүккө абдан кызыккандыктары байкалды. Барган сайын сабакка кызыгуучулар арбып, катышуучулардын саны көбөйүүдө, - дейт «Өнөр-Булак» коомдук бирикмесинин жетекчиси А.Сабитова.

Жогоруда айтылгандай мындай саамалыктар көп болсо, жаштардын тарыхыбызды үйрөнүп билүүгө, улутубуздун салт-санааларын, кол-өнөрчүлүгүн барктап баалоого, ошондой эле бош убактыларын туура жана пайдалуу өткөрүүгө шарт түзүлмөкчү.

К.ШАРШЕЕВА.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...