Акыркы макалалар

ЖАЛАЛ-АБАДДЫН ЭКС-МЭРИ НЕГЕ АЙЫПТАЛУУДА?

15.02.2013. ЖАЛАЛ-АБАД news. Маалымат каражаттары Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Максатбек Женбековдун үстүнөн прокуратура органдары Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону тууралуу жабалактап билдирүү таратышты. Маалыматтарга караганда, ага карата кызмат абалынан кыянат пайдаланганы, жер тууралуу мыйзамдарды бузганы жана кызматтык кагаздарды мыйзамсыз пайдаланганы боюнча айып коюлууда.

Башкы прокуратура М. Женбеков 2010-жылдын 1-ноябарында (дал ушул күнү милиционерлердин күнү белгиленет) 28 милиционерге жер там салуу үчүн жер участкаларын берүү тууралуу буйругун берип, кийин ким-бирөөгө берилген жерди аларга таркатканы тууралуу билдирүү жасады.

Анан эле М. Женбеков өзүнө жакын журналисттердин колдоосу менен кайсы бир интернет-сайттар аркылуу өзүнүн күнөөсүз экенин, баары жайында эле болгонун жар салды. Кыскасы, прокуратура органдары жөн жерден эле ал «байкушту» кыйнап жаткан экен. Чынында эле прокуратура органдары коррупцияга каршы күрөшөбүз деп, бул иште ашепке кетишкен эмеспи?

Милиционерлерге там салуу үчүн жер участогун берүүнүн өзүнүн кызык таржымалы бар. Ал мындай болгон. Ошол 2010-жылдын апрелинен кийин Жалал-Абад шаарында акыбал өтө кыйын эле, мурда Бакиевдердин камчысын бериле чаап шаар башкарып турган, кезегинде Курманбек Бакиев менен бир катарда «Ак жол» партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү болуп эч кимди тоотпой көйкөлгөн, азыр кайдан-жайдан эле КСДП партиясынын мүчөсү боло калып, Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги СДПК фракциясын жетектеп отуруп калган Тилек Акамбаевди жаңылар шаар мэринин кызматынан айдап түшүшкөн. Анан Убактылуу өкмөт шаарда мурда-кийин «болуп көрбөгөн кыйын жетекчилерди» кызматтарга алып келди: чыныгы бакиевчи Бектур Асанов дароо бакиевдерди боктоп, областка губернатор болду, анын жанажан досу Максатбек Женбеков шаарга мэр болуп калды.

Буга чейин М. Женбеков алыскы Санкт-Петербург шаарында жүргөн, Россиянын жараны болгон, бир дагы мамлекеттик же өз алдынча башкаруу кызматтарында иштебеген. Бул жакка келгенден кийин да Санкт-Петербург шаарынан анын дарегине кыйла кызыктуу кептер айтылып, жазылып, анын мындай кызматка жараксыз экени дуулдаган.

Ошентип, ал убакта акыбал чынында эле оор болчу. Таластагы жана Бишкектеги Ак үйдүн алдында болгон окуялардан кийин милиционерлердин шаабайы сууп, кала берсе көчөгө формачан чыкпай калышкан. Ал эми алардын кызматысыз аймактагы коомдук тартипти жөнгө салуу мүмкүн эмес болчу.

Ошондой күндөрдүн биринде областтын жетекчиси Б. Асанов областтык ички иштер башкармасына милиция кызматкерлери менен жолугушканы барып калат. Албетте, ал жерде милиция кызматкерлери өздөрүнүн нааразылыктарын айбыкпай-этпей бетке чаап айтышат. Област жетекчиси кыңк этпей угат.

Областтагы ички иштер кызматкерлеринин ардагерлеринин кеңешинин төрагасы Азам Ниязбаевдин айтуусунда, Б. Асановго милиционерлер биринчи кезекте турак жай менен камсыз кылууну же там салуу үчүн жер участогун берүүнү талап кылышкан. Б. Асанов милиционерлердин көңүлүн алуу үчүн баарына макул болуп, убадаларды берген.

Ана-мына дегиче убакыт өтөт, анан милиционерлердин майрамы эсептелген 1-ноябрь күнү да келип калат. Аларды областтын жетекчиси борбордук аянтка тизип алып, четинен куттукташы керек да. Деген менен, баякы там берем, жер участогун берем деген сыяктуу аткарылбаган убадалар турат. Милиционерлердин алдына кантип чыгат эми?

Анан ошондо губернатордун досу – шаар башчысы М. Женбеков 30-октябрь күнү менен 30 милиционерге жер участокторун берүү тууралуу буйрукту чүргөй салып, эртеси күнү ал буйруктун көчүрмө нускаларын Б. Асанов милиционерлерге салтанаттуу кырдаалда тапшырат. Милиционерлердин кубанычы ичи-койнуна батпайт, коллегалары менен ой-да-а жуушат.

-Биз ошондо шаар жана област башчылары чындап эле элди ойлошот экен, убадаларын аткарышат экен деп ойлоптурбуз. Көрсө, алар бизге курук эле кагазды карматып коюшуптур, жер участогу шаарда дегеле жок экен, - дейт А. Ниязбаев. – Кийин биз бир нече жолу мэрге, губернаторго кайрылдык, арга кеткенде министрибиз Зарылбек Рысалиевге кайрылдык. Ал болсо, областка атайын кат жөнөттү. (Бул жерди караңыз:

http://jalabadnews.kg/index.php?optionөcom_content&viewөarticle&idө192:2012-07-17-08-43-16&catidө1:2012-02-23-10-26-37&Itemidө3)

Ошол эле ардагер милиционер А. Ниязбаев жалалабаддык журналисттерге 2012-жылдын жайында шаар мэри менен област губернатору милиционерлерди алдап кеткени тууралуу даттанып, интервью берип жүргөн. Ал эми ошол кездеги шаар башчысы Бакыт Адылов шаарда там салуу үчүн бериле турган жер дегеле жоктугун, миңдеген адамдар кезекте турганын айтканы бар. Анан эле ким жана качан Сузак району жактагы жерди таап, милиционерлерге ыроолой салганы белгисиз. Муну ошол жасаган кишилер гана билишсе керек.

Ошентип, милиционерлер алданып калышкан, шаар башчылары жер участогун издешкен. Көрсө, мурдагы шаар башчыларынын учурунда далай найза сындырган, далай чатактардын себеби болгон Сузак районунун аймагындагы бирөөнүн менчигине кеткен бир жерди таба коюшкан экен да. Эми минтип туура, жакшы башталбаган иштин арты да чуу менен бүтүп, «эпчил» экс-мэрдин үстүнөн килейген кылмыш иши козголуп отурат.

Деги бул Максат Женбеков деген киши ким? Аны жалалабаддыктар «Кедейкан» деген лакам менен жакшы билишет, себеби 2011-жылы «Майдан» гезитинин бир санына ал тууралуу «Жалал-Абаддагы «Кедейкан», дагы бир санына «Цезардын аялы» аттуу фельетондор жарыяланган. Ага чейин да массалык маалымат каражаттарында, интернет-сайттарда анын улутчулдук мүнөзү жана аракеттери, июнь окуялары учурунда Убактылуу өкмөт шаардыктардын азык-түлүгү үчүн жиберген 10 миллион сом акчанын 1 миллион сомун район-шаарларга таркатып жибергени, Санкт-Петербургга Боз үй тигем деп, шаардык бюджеттен 100 миң сомду жалган документтер менен накталай алганы, анан Боз үй да, акча да жок болгону, үстүнөн кылмыш иши козголгондо дароо акчаны кайра кайтарып бергени, өзү Россиянын жараны болуп туруп, шаарга мэр болуп турганы, жарандыгын жашырганы жана башка көптөгөн кызыктай иштери тууралуу маалыматтар дамамат таркап турган. Убактылуу өкмөт ушундай кишини кызматка койгону катуу сындалган. А бирок жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аны тарыхта сейрек учурай турган көсөм жетекчи экенин элге айта берип чарчашкан. Эми минтип анын «сейрек учуруган» иштери прокуратура органдарынын колуна түшүп отурат.

Дагы бир жагдай? Азыр Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматов ошол кездерде областтык каржы полициясын башкарып турган. Шаар башчы М. Женбеков менен област башчысы Б. Асановдун каржы маселесинде мыйзам бузууларын аныктап, алардын үстүнөн кылмыш ишин козгоп, бул эки достун мазесин алган. Бул баякы 10 миллион сом жана дагы бир өз ара деңгене болуп кеткен 100 миң доллар боюнча алгачкы кылмыш иштери болчу. Аны ошол кезде областтык прокуратура жаап салган, Б. Асанов областтын губрнатору болуп турса эмне кылышсын анан. Бирок каржы полициясы Башкы прокуратурага кайрылып, Башкы прокуратура бул ишти өзүнө алган жана кайра тергөө баштаган.

Бирок, ошол бойдон «кайдан көрдүм кара эшек, жолдон көрдүм жору эшек» болуп, дымы чыкпай калды. Областтын мурдагы прокурору, кийин Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп калган Нурлан Женалиев бул иш Жогорку Кеңештин карамагына өтүп кеткенин билдирген. Деген менен, ошол иште да «Ата-Мекен» партиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамды көрүнөө эле тебелеп-тепсеген, элдик каражаттарды оңду-солду сапырган фактылары бар эле. А мүмкүн ал иштер ошону үчүн жабылып кеткендир? Эми Ж. Төрөмаматов бир кезде өзү баштаган кылмыш ишине кызыгар бекен? Же кайра эле «кайдан көрдүм кара эшекпи»?...

Иши кылып, «Эгемен Кыргызстан» партиясынын белдүү мүчөсү (ал өткөнкү шаардык кеңештердин шайлоосунда сүрөттөрүн керме материалдарга тарттырып, шаардын көрүнгөн жерине илдирген), ар кандай маселелерде коомдук ишмер сыяктанып ар кимге акыл үйрөтө сүйлөп жүргөн мурдагы экс-мэрдин ишин, тагдырын эми тергөөчүлөр чечет. Ак болсо – акталат, башкача болсо – аны да көрөт.

Деген менен, М. Женбеков тууралуу кепке чекит койбой тура туралы. Анын башка да иштери көп, алар тууралуу бийликтер эмне дешер экен, аны угалы.

Жалил САПАРОВ,

Жалал-Абад шаары.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...