Акыркы макалалар

Кыргызстан педагогдорунун коому түзүлдү

Республикада жалпы агартуу тармагын бириктире турган Кыргызстан педагогдорунун коому түзүлүп, анын төрагалыгына илимдин доктору Эсенбек Мамбетакунов шайланды.Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

И. Арабаев атындагы КМУда өткөн педагогдордун жыйынында коомдун структурасы түзүлүп, Уставы бекитилди. Анда 70 адамдан турган жалпы кеңеши жана 9 адамдан турган аксакалдар кеңеши түзүлдү. Аксакалдар кеңешинин төрагасы болуп Исак Бекбоев шайланса, аткаруучу органдын төрагасы болуп Эсенбек Мамбетакунов, биринчи орун басары Жангороз Каниметов, андан кийинки орун басарлыкка Асылбек Токтогулов, Орхан Инанды, Рахат Сулайманова шайланды.

29 адамдан турган аткаруу бийлиги президиум түзүп, ага белгилүү илипоздор жана ар бир аймактын алдыңкы мугалимдери, жогорку окуу жайлардан илимпоздор кирди. Эми аткаруу органынын алдында аткаруу дирекциясы жана илимий методикалык секциялар түзүлөт.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...