Акыркы макалалар

Таластагы төө буурчактын баасынан Башкы прокуратура кынтык таба алган жок

Башкы прокуратура Таластын төө буурчагынын баасы тууралуу маселе боюнча кылмыш ишин козгоого факты тапкан жок. Бул тууралуу кечээ, 10-мартта көзөмөл органынын басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган кабарга таянсак, 2013-жылы Талас областынын төө буурчагы 50дөн ашык өлкөгө экспорттолгон. Ошол эле учурда төө буурчактын 70 пайыздан ашыгы Түркияга сатылган. Дыйкандар өз продукциясын 2,55 доллардан сатып өткөрүшкөн. Бул айыл чарба өсүмдүгүнүн экспортуна жана жакшы баада сатылышына төө буурчак өндүргөн өлкөлөрдө - Аргентина, Түркия, Египет, Бразилия жана Кытайда түшүмдүн начар болушу себеп болгон.

Ал эми 2014-жылы төө буурчак өндүргөн өлкөлөрдө жакшы түшүм алышкан, ал эми Кыргызстанда тескерисинче кургакчыл болуп төө бурчактын түшүмүнө таасир берген. Анын натыйжасында түрк фирмалары өсүмдүктү сатып алуу баасын эки эсеге арзандатып, Таластын продукциясын 1,3 долларга баалашкан.

"Ушул эле арада КРдин өкмөтү, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Талас областындагы өкмөттүн өкүлчүлүгү төө буурчак өндүрүүчүлөрдүн маселесин чечиш үчүн аракет кылышкан",-деп айтылат Башкы прокуратура тараткан маалыматта.

Эскерте кетсек, 1-февралда Таласта болгон тынчтык митингинин учурунда бул нааразылык акцияларынын катышуучулары резолюция кабыл алышып, Башкы прокуратурадан төө буурчактын баасы боюнча Кара-Буура районунун көз карандысыз комиссиясынын жана "Талас эл ынтымагы" коомдук бирикмесинин төө буурчактын баасы боюнча материалдарын карап чыгып, кылмыш ишин козгоону талап кылышкан.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...