Акыркы макалалар

Ыйманың хиджабда эмес, дилиңде!

Ыйманың хиджабда эмес, дилиңде!

Кыргызстанда хиджаб кийген мектеп окуучулары туурасында талаш-талкуулардын учугу үзүлбөй келет. Айрыкча, ислам түшүнүктөрү терең орногон республиканын түштүк облустарында мектеп окуучулары арасында хиджаб кийген же жоолук салынуу көбүрөөк тараган. Бара-бара бул көрүнүш Бишкек шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында да жайылууда. Кызыгы, бул маселе туурасында кеп козголгондо эле жоолукчандарды жактагандар мусулман аялдардын укугу туурасында маселе көтөрүп чыга калышат. Ал эми жаш кыздардын оромол оронуп сабакка келишине каршы чыккан мугалимдерди ата-энелер адам укугун бузууда деп күнөөлөсө, мугалимдер жоолук мектептин жобосуна дал келбейт деген негизди карманышат. Айтор, бул жагдайда орток пикир табылбай келет.

Кыргызстан – демократияга багыт алган мамлекет. Жарандардын дин эркиндиги бар. Ошол эле убакта биздин мамлекет баш мыйзамда белгиленгендей лайык (светтик) өлкө. Динди тутунуу менен бирге улуттук дөөлөттөр сакталууга тийиш. Бул туурасында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин да пикири элге дайын: мусулман наамын кийим аркылуу эмес, жасаган иши, таза ниети, үлгүлүү жүрүм-туруму менен далилдеш керек.

“Мусулмандын кийими деп хиджабды, шалбыраган боз дамбалды эсептесек, анда эмне, кыргыздын улуттук кийимин кийгендерди же болбосо күнүмдүк жашоо-тиричиликке ылайыктуу кийингендерди мусулман дебей, каапыр дейбизби?! Деги эле “мусулман кийими”, “мусулман эместин кийими” дегендей чектөө жок ыйык Куранда! Исламда жарашыктуу, таза кийинүү талап кылынат”, — деп айткан А.Атамбаев.

Албетте, “мусулмандардын кийими” деген терминди кабыл алган таптакыр туура эмес. Азыркы мусулмандын кийими деп кийип жүргөн хиджаб же дамбал Малайзия, Индонезия, Араб өлкөлөрүндөгү аба ырайынын шарттарына жараша белгиленген. Мындан кабары жоктор “чыныгы мусулмандын кийими ушул” деп кабыл алышат тура. Бирок, тулку-бойду жаап, чүмкөнүп кийингендин ордуна ауратын (уяттуу жерлерин) жапкан кийимдер жетиштүү эмеспи. Муну менен хиджабга каршы чыгып, ага карата тескери үгүт жүргүзүү ойдо жок. Жогоруда айтылгандай, демократиялык өлкөдө ар бир жаранга дин тутуу эркиндиги берилген.

Айрыкча, балакатка жете элек секелек кыздар жана мектеп окуучуларына келгенде дин аралашпаган жана улуттук кийимдерге басым койгон оң. Ата-энелерден мектеп окуучуларына хиджаб кийип жүрүүнү таңуулабоо талабы толук негиздүү деп эсептешет. Баса, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев мектеп окуучулары туурасында сөз болгондо хиджабды эмес, улуттук кийимдерге басым коюу туура экенин белгилейт.

Өлкөдөгү “Мутакаллим” деп аталган мусулман аялдар уюму хиджаб кийген кыздар мектептен чыгарылып жатканын айтып, буга Билим берүү жана илим министрлигин айыптоодо. Уюмдун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы жоолук оронгон кыздарды мектепке киргизбөө боюнча Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын көрсөтмө берилгенин айтат. “Азыр өлкө боюнча мектеп курагындагы 150дөй кыз мектепке бара албай, программалардан артта калууда. “Жоолугуңарды чечпесеңер, мектепке кирбейсиңер” деп директорлор киргизбейт экен. Алардан себебин сураганыбызда, буйрукту гана аткарышарын айтышат. Демек, министрлик атайын көрсөтмө бергени түшүнүктүү болуп жатат”,- дейт Жамал айым.

Ал эми министрлик мындай айыптоолорду четке кагып, эч кандай көрсөтмө берилбегендигин айтат. Ошол эле учурда мектеп окуучулары бирдиктүү форманы кийиши керектигин эскертүүдө.

Мектеп окуучуларынын хиджабчан жүрүүсүнө байланышкан талаш-тартыштар бүгүн эле чыга калган жери жок. Бул акыркы он жыл аралыгында коомдогу актуалдуу көйгөйлөрдүн бири катары улам-улам көтөрүлүп келет. Анткен менен Кыргызстанда мектеп окуучулары жоолук салынсын же салынбасын деген анык бир мыйзам жок. Билим берүү жана илим министрлигинин токтомуна ылайык, мектеп окуучулары бирдиктүү формада кийсин деген жобо өткөн жылдын январь айында кайрадан иштелип чыккан. Ага ылайык, окуучу кыздар ак кофта, кара юбка кийиши керек. Ал эми мусулман кийими делген хиджаб эле эмес, улуттук баш кийим болгон калпакка жана башка сырт кийимдерге дагы мектеп айланасында чектөө бар.

Башка мусулман өлкөлөрдө мектеп окуучулары кандай кийинеринен азыноолак кеп кылалы. Негизи, дүйнөдөгү мусулман өлкөлөрдүн катарына Арабия, Индонезия, Малайзия, Пакистан, Иран, Бангладеш, Марокко жана Түркия баш болгон Орто Азиядагы Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан мамлекеттери кирет. Бул өлкөлөрдүн дээрлик баарында тең мектеп окуучулары үчүн хиджаб кийүүгө тыюу салынган, бирдиктүү форма кийүү талабы бар. Ошол эле учурда каалоочу кыздарга башына гана жоолук салынууга уруксат берилген. Ал эми Өзбекстанда мектеп окуучулары гана эмес, кыз-келиндерге хиджаб кийип, коомдук жайда жүрүүгө тыюу салынган. Тажикстанда болсо, мектеп жашындагы балдар мечитке киргизилбейт.

Кыргызстанда диний абал салыштырмалуу туруктуу экенин айткан дин таануучу, “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов: “Авторитардык өлкөлөрдө мындай көрүнүштөрдү күчкө салып тыйып койсо, ошого эл көнүүгө мажбур, а биз башка жол менен кетишибиз керек. Коомчулук, мамлекеттик, укук коргоо органдары, окумуштуулар бардыгы биргеликте мектеп окуучуларынын хиджаб кийишине байланыштуу маселени чечүүгө жардам берип, бир тыянак чыгарсак, мунаса тапсак, бул маселе токтойт”, — дейт.

Динар Турдугулова

Түп нускага шилтеме : erkintoo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...