Акыркы макалалар

ЖАЛАЛ-АБАДДА “ЮГ-ТРАНС” ИШКАНАСЫНЫН БАШЧЫСЫ ЭКИ АЙГА КАМАЛДЫ

14.02.2013. ЖАЛАЛ-АБАД news. Жалал-Абабд облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясы “Юг-Транс” ишканасынын башчысы Немат Сыдыковду айыптуу деп таап, аны эки ай абакта отуруу чечимин чыгарды.

Ага тергөө органдары тарабынан кызмат абалынан кыянат пайдаланга­н, мыйзамсыз түрдө ишкерлик кылган, бюд­жеттик каражаттар­ды ыксыз иштеткен деген кинелер коюлган. Буга байланышту­у кылмыш ишти карап, бүгүн өкүм чыгарган соттук коллегияны­н төрагасы Амангелди Молдобаев айыпталууч­у Немат Сыдыков облустук сотко шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу жана өзүн актоо талабы менен кайрылганын билдирди. Буга чейин 8-февралда Жалал-Абад шаардык соту аны үй камагында отурууга чечим чыгарган болчу.

Эскерте кетсек, “ Юг-транс” ишканасы облустук бийликтин алдындагы аянтты кайра куруу иштерин жүргүзгөн. Ал эми Немат Сыдыковдун­ 20дай тарапкери аны камактан бошотуу талабы менен бүгүн соттун алдында митинг да өткөрүштү.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...