Акыркы макалалар

Нарында журналисттерге адам укугу боюнча дарс окулат

10-11-март күндөрү Нарын шаарында «ЖМК менен ӨЭУнун өз ара байланышы: адам укуктары алкагындагы курч суроолорду коомчулукта натыйжалуу иштеп чыгуу» деген аталышта машыктыруучу жыйын өткөрүлөт. Бул тууралуу Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу институтунун КРдагы өкүлчүлүгү кабарлады. Европа Бирлиги жана Норвегия мамлекетинин өкмөтү тарабынан каржыланган долбоор ЖМК менен мамлекеттик институттардын, укук коргоочу уюмдардын өз ара аракеттерин чыңдоону, демократиялык реформаларды алгалатуу үчүн журналисттик иликтөөлөрдүн тажрыйбасын өркүндөтүүнү башкы максат катары карайт.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...