Акыркы макалалар

Бишкекте гүлдөр эки эсе кымбаттады

Бишкекте гүлдөр эки эсе кымбаттады

"Азаттыктын" окурмандары кабарлагандай, бүгүн Бишкекте гүлдөрдүн баасы эки эсеге кымбаттады. Буга чейин 100 сом турган гүлдөр 200 сомдон, 200 сом турган гүлдөр 400-450 сомдон сатылууда.

"Учурда роза гүлүнүн бир даанасы 150-180 сомдон сатылып жатат. Бирок буга карабастан гүл сатып алууну каалаган эркектер кезекте турат", - деп кабарлады "Азаттыктын" окурманы.

Жыл сайын 8-март күнү гүлдөр дүкөнүндө кымгуут байкалып, күнөсканаларда өстүрүлгөн жана чет өлкөлөрдөн алып келинген гүлдөрдүн баасы кымбаттаганы байкалат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...