Акыркы макалалар

Ө. ТАИРБЕКОВ: “БИЗДИН МАКСАТ – ЖАШТАР АКТИВДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТУРУКТУУЛУКТУ ЖАРАТУУ”

13.02.2013. ЖАЛАЛ-АБАД news. Жалал-Абад областындагы жаштар борборлору коомдук туруктуулукту камсыз кылуу, жаштардын социалдык активдүүлүгү үчүн жакшы аракеттерди жасап жатышат. Көйгөйү көп, бир катар кыйынчылыктарга кабылган Майлуу-Суу шаарындагы жаштар борбору да бул максаттарда бир топ ийгиликтер жаратты. Биз шаардагы Жаштар борборунун жетекчиси Өмүралы Таирбековго суроолор менен кайрылдык.

-Жаштар борбору чын эле жаштарды алга жетелеген жайга айландыбы? Буга мисалдар барбы? Жаштарга эмне пайдаңар тийип жатат?

-Биздин борбор шаардагы жаштардын бирден-бир сүйүктүү жайына айланды деп айта алам. А биз болсо, жаштарга ар тараптан жардам көрсөтүү үчүн аракет кылып жатабыз. Мисалы өткөн жылдын акыркы айында эле биздин борбордон 20 жаш жаран ар кайсы билим берүү курстарынан өтүштү. Англис тилин үйрөнгүсү келген 20 жаш жаранга (алардын ичинен 16сы кыздар) ушул тил боюнча окуу өттү. Дагы ушунча жаран компьютердик курстарды аякташты. Айта кете турган нерсе, келип окугандар ар кайсы улуттун жаштары, ошентип бизде өз ара мамилелердин бекемделиши да жүрүп жатат. Биз мындай окууларды дайыма жүргүзүп келатабыз, уланта да бермекчибиз.

-Андан башка да кандай иш-чаралар бар? Мектептердеги өспүрүмдөр менен да иш алып бара жатасыңарбы?

-Албетте, биз мектептерде окуган өспүрүмдөрдү унутпайбыз. Дайыма жолугушууларды өткөрүп келебиз. Мисалы, ошол декабрь айында шаардагы №3-мектепте биздин борбордун аутрич тобу менен окуучулардын жолугушуусу болгон. Биз аларга Жаштар борбору тууралуу кеңири маалымат бердик, ошондой эле Сары-Бээ поселогундагы көйгөйлөр тууралуу кеп болуп, өз ара таанышуу процесси жүрдү. Мунун окуучулар үчүн өтө кызыктуу болгонун баса белгилеп кетким келет. Анан ошол иш-чара өтүп жатканда үч тема боюнча: кыз ала качуу, эл алдында чыгып сүйлөө, адам укугу боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Албетте, ал жерде волонтерлор клубуна жаңы мүчөлөр дайындалды, алар кийин да ушундай иш-чаралардын өткөрүлүшүнө көмөк көрсөтүп турушат. Бул эми бир гана мисал да.

-Силер айрым башка уюмдар менен биргеликте да жаштарга өтө керектүү ар кандай иш-чараларды өткөрсөңөр керек? Себеби, жаштарды ар кайсы багыттарда тарбиялап, билимин арттырып туруу керек да.

-Ал сөзсүз деңизчи. “Сорос-Кыргызстан” фондусу колдоп, Youth of Osh коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан долбоорунун алкагында Эдвокаси боюнча окуу болду, ага 24 студент жана волонтерлор катышышты. Волонтерлор клубунда жаштарга “Үч көк мээ” фильми көрсөтүлүп, жыйынтыгыныда жаштар арасында талкуу болду. Кийинчерээк ушул эле клубда лидерлик боюнча окуу өткөрүлдү. Аутрич тобу жана волонтерлор №8-мектептин окуучулары менен жолугушуп, аларга Ош жана Жалал-Абад областтарындагы Жаштар борборлорунун иштери тууралуу фильм тартууланган, анын акырында окуучулар арасында анкеталар таркатылып, жооптор алынган. Ушундай эле жолугушуулар Көк-Таш айылындагы №7-мектепте өтүп, анда окуучуларга адам укуктары боюнча окуу, фильм көрсөтүү жана аны талкуулоо, дискуссия жана анкета толтуруулар, оюндар өткөрүлдү. Иши кылса, борборубуз жаштар арасында үүгүлтүксүз иш алып барууда.

-Азыр жаштар топ-тобу менен криминалдашып кетип жатат деген пикирлер бар. Силер буга каршы эмне иш жасай алдыңар?

-Биз жаштардын туура эмес жолго түшүнүнө каршыбыз, ошону үчүн аларга арнап ар кандай спорттук жана башка иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Мындай мисалдар аз эмес. Мисалы, шаардагы №2-мектептин спорттук залында №1-спорт мектеби менен бирдикте мектептер арасында баскетбол боюнча мелдеш өткөрдүк. Ага баары болуп 14 команда, 150 окуучу катышты.

Андан сырткары, жаштарга керектүү ар кандай фильмдерди көрсөтүп, тегерек столдорду уюштуруудабыз. Мисалы, Жаштар борборунун өзүндө эле ушул борбордун стратегиялык өнүгүшү боюнча талкуу уюштурганбыз. Жаштар борбордун келечегин кандай көрүшөт, ага кантип жетишебиз, эмнелерди жасоо керек, алсыз жана күчтүү жактарыбыз кайсы, мына ушундай суроолордун айланасында пикирлер ортого салынды. Бул, албетте, биздин борбордун өнүгүшү үчүн жакшы анализ болуп калды. Биз мындан ары да ушундай уюштуруу-массалык иштерид жаштар арасында активдүү алып бара бермекчибиз. Мунун өзү коомубузда туруктуулуктун, бейпилдиктин, бакыбатчылыктын орношуна өзүнүн реалдуу таасирин берет деген ойдобуз.

Маектешкен Жалил САПАРОВ,

Жалал-Абад шаары.

Эскертүү: Бул материал «Доор медиа» коомдук фондусунун колдоосу менен «Бир туугандар» долбоорунун алкагында даярдалды.

Бул материал “Доор медиа” коомдук фондусунун көз караштарын билдирбейт.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...