Акыркы макалалар

Жогорку Кеңештин төрагасы жалпы кыргыз элин Ак калпак күнү менен куттуктады

Бүгүн, 5-мартта парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы кыргыз элин Ак калпак күнү менен куттуктады.

"Бардыгыңыздарды Ак калпак күнү менен куттуктайм. Буйруса кыргыз эли кудай сүйгөн эл. Ата-бабаларыбыз жүз миңдеген жылдардан бери эгемендикти эңсеп, жанын аябай канын төгүп, мамлекеттүүлүккө жетишели, туубуз желбиреп, ак калпагыбыз башыбыздан түшпөсүн деп өмүрүн арнап келишкен. Мамлекеттүүлүгүн 2200 жыл сактап келген аз гана эл бар. Биз ошолордун катарындабыз. Биз тарыхыбыз менен сыймыктана турган элбиз. Дүйнө жүзүндө Манастай көлөмдүү эпосу бар бир дагы эл жок. Кыргызстандын желеги дайыма желбиреп, туубуз бийик болуп, ак калпагыбыз баштан түшпөсүн",- деди төрага.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...