Акыркы макалалар

Мектептерде ата-энелерден акча чогултуу ачык болот

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында "Билим берүү жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.

Демилгечи депутат Дастан Бекешев белгилегендей, мыйзам долбоорунда мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештеринин мыйзамдарга карама-каршы келбеген каржылык жана башка материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тартууга укуктуулугу каралган. Камкорчу кеңеш билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен биргеликте келерки жылда республикалык же жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылбай турган мекеменин керектөөсүн аныктап чыгат. Бирок, бул процесске мугалимдер киришпейт, эгерде алар кирише турган болсо алардын жоопкерчилиги карала турганы долбоордо жазылган.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...