Акыркы макалалар

Чек араны бузган беш өзбек жараны колго түштү

Баткендин Кадамжай районунун Сөгөт капчыгайында эки, Ак-Кум аймагында үч өзбек жараны жана бир кыргызстандык чек араны мыйзамссыз кесип өткөнү үчүн кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, дагы бир жаран окуя болгон жерден Сох анклавына кире качкан.

Чек арачылардын айтымында, кармалгандар Өзбекстандан Кыргызстанга аткезчилик жол менен жүк өткөрүшмөк. Кармалгандардын биринен аңчылык мылтыгы табылган. Учурда милиция бул окуяны териштирип жатат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...