Акыркы макалалар

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын студенттери туу күнүнө карата флешмоб өткөрдү

Бишкектин түштүк-чыгыш тарабына жайгашкан Дайыр Асанов атындагы сейил бакта Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин демилгеси менен студенттердин жана эстрада ырчыларынын катышуусунда мамлекеттик туу күнү белгиленди.

Иш-чарага келген студенттер колдоруна Кыргызстандын желектерин кармап, министрликтин өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтты.

Эстрада ырчысы Гүлнара Тойгонбаева мамлекеттик туу күнүнө карата чогулган жаштар менен биргеликте "Асаба" аттуу ырына клип тартууга да жетишти.

Кыргызстандын мамлекеттик туусунун күнү 2010-жылдан баштап, 3-март сайын майрамдалып келет. Майрам өлкө президентинин 2009-жылдын 10-июндагы жарлыгы менен бекитилген. Майрамдын максаты жарандарды өлкөнү сүйүүгө, мамлекеттик символдорго сый-урмат көрсөтүп, мекенчилдик сезимди даңазалоо болуп саналат.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип, 5-мартта өкмөт үйүнүн имаратында көтөрүлгөн. Туунун авторлору: Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...