Акыркы макалалар

Өзүмбилемдик менен турак жай курулган жер тилкелери мыйзамдаштырылышы мүмкүн

Бүгүн, 2-мартта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору 1-окуудан каралды.

Депутаттар тобу тарабынан өлкө аймагында өзүмбилемдик менен турак жай курулган жер участкаларынын абалын жөнгө салуу максатында "Айыл чарба багытындагы айдоо жерлерин башка категорияга которууга мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамга, КР Кылмыш-жазык кодексине, КР Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске түзөтүүлөрдү киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө.

Депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, 1983-2009-жылдар аралыгында Кыргызстандын 32 районундагы 217 айыл аймагында өзүмбилемдик менен 13 478 гектар аянтка 38 194 үй курулган, азыр анда 47739 үй-бүлө жашайт. Алар менчик жерлер эмес, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери болгон.

"Бул жер участоктору ар кандай себептерге байланыштуу калктуу конуштар категориясына которулбай келген. Ошондон улам, бир катар мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөр киргизүү зарылдыгы келип чыкты. Ага ылайык, мораторийдин таасири 2009-жылдын 31-июлуна чейин айдоо жерлерине курулган турак жайларга жайылтылбайт", - дейт ал.

Сунушталган мыйзам долбоору аркылуу "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которуугамораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамга түзөтүү каралган. Аны менен сугат айдоо жерлерин 2009-жылдын 31-июлуна чейин жеке турак үйлөр курулган айыл чарба жерлерине мораторий жайылтылбастыгы белгиленген. Ал эми Кылмыш-жаза кодексине жер тилкелерин өзү билип басып алууга багытталган атайы аракеттер 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланаары көрсөтүлгөн.

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске түзөтүү менен жер тилкелерин өзүм билемдик менен басып алган жарандардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги күчөтүлгөн.

Талкуунун жүрүшүндө берилген жерлер менен курулган үйлөрдүн айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин деңгээлинде документтери бар экенин, бирок өкмөттүн тешелүү токтому жоктугу белгилүү болду. Ошол мезгилдерде жерлерди үй салууга берип жиберген бийлик ээлеринин жоопкерчилиги каралышы керектигин сунушталды. Өкмөттүн тиешелүү токтомусуз салынган үйлөр турган жер тилкелери революцияларга тиешеси жоктугун белгилеген депутат Талантбек Узакбаев сунушталган мыйзам долбоорун колдоо зарылдыгын, анткени азыркы тапта атасы баласына үйүн мурастап калтыра албай жаткан сындуу ыңгайсыздыктар көп болуп жаткандыгын билдирди.

Жыйынтыгында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеӊештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...