Акыркы макалалар

Оштогу мектептерде китеп окуу боюнча акция өтүүдө

18-февралдан баштап шаардагы мектеп окуучуларынын арасында өтүүчү “Китеп окуп – белек утуп ал” акциясы жүрүүдө.

Анда окуучулар жаш өзгөчөлүгүнө карап элдик оозеки чыгармалардан, Кыргызстан тарыхынан жана белгилүү жазуучулардын чыгармаларын окуп , берилген суроолорго туура жооп берүү менен түрдүү белектере ээ болушат.

Акциянын максаты окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу менен алардын эстетикалык, интеллектуалдык жактан ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, инсан катары калыптануусуна өбөлгө түзүү жана жан дүйнөсүн байытуу болуп саналат. Кошумча адабий чыгармаларды окутуу менен окуучулардын сезимин курчутуп, турмушта кезигүүчү ар кандай карама-каршылыктарды тааный билүүгө көндүрүү максатын көздөйт.

Акция 3 баскыч менен менен өтүүдө. 1-баскычы 18-февралдан 28-февралга чейин ар бир мектептин өзүндө өттү. 2-баскычы 9-14-март күндөрү аймактарда жана 3-баскычы 17-март күнү өткөрүлөт. 3-баскыч жыйынтыктоо түрү болуп, жеңип алган окуучуларга Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан баалуу белектер берилмекчи.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...