Акыркы макалалар

А.Анапияевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына 20 миңдей адам келди

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылында бүгүн, 27-февралда Алмамбет Анапияевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Маркумдун жакындарынын айтымында ага 20 миңдей адам келген. Арасында коңшулаш өлкөдөгү достору да бар. Алынган акыркы маалыматтарга караганда, Алмамбет Анапияевди акыркы сапаргу узатуу зыйнатына крим төбөл Камчы Көлбаевдин келгендиги да айтылды.

Бирок бул маалыматты эч ким тастыктаган жок. Маркумдун агасы Калмамат Анапияев, бул иштерге Бакиевдердин тиешеси жок экендигин айтып, мунун артында башка күчтөр бар деп шектенүүдө.

Эске салсак, 18-февралда Беларустун борбору Минск шаарында Алманбет Анапияев киши колдуу болгон. Киши колдуу болгон адамдын сөөгү Алманбет Анапияевге таандык экенин маркумдун туугандары тастыкташкан. Туугандарынын билдиришинче ал соңку убактарда Дубайда болгон. Бирок “Алыш” күрөш федерациясындагы жумуштары менен Минскке барган.

Алмамбет Анапияев бир топ оор кылмыштарга шектелип, 2011-жылдан бери Интерпол аркылуу издөөгө алынган эле. Сөөгүн бүгүн, 27-февралда Москвадан жүк-200 аркылуу алып келишкен.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...