Акыркы макалалар

Бишкекке Түркмөнстандын президенти келет

Бишкекке Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов келет.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгы кабарлады.

25-февралда КРдин Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Түркмөнстандын мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушкан.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы достук мамилелерди туруктуу деп баалашты жана соода-экономикалык, илимий-билим берүү, маданий-гуманитардык, спорт жана туризм тармактарында кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүгө мүмкүндүктөр бар экенин белгилешти.

КРдин ТИМ башчысы ошондой эле КРдин президентинин Түркмөнстанга жасаган иш сапарында Бердымухамедов расмий түрдө Кыргызстанга чакырылганын эске салды жана кыргыз тараптын расмий иш сапарды күтүп жатканын айтты.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...