Акыркы макалалар

ТАШ-КӨМҮРДӨ ЖАШТАР БОРБОРУ АКТИВДЕШИП ЖАТАТ

11.02.2013. ЖАЛАЛ-АБАД news. Таш-Көмүр шаарында Жаштар борбору жаш жарандар арасында активдүү иш алып барууда жана жаштардын социалдык активдүүлүгү улам аартып барат. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы «Жаш жарандардын өнүктүрүү» коомдук фондусунун аткаруучу директору Майрамбек Адылбеков билдирди.

Анын айтымында, Таш-Көмүр шаары илгери союз мезгилинде көмүр кказгандар (шахтерлор) шаары катары Борбордук Азияга белгилүү болгон. Республикадагы алдыңкы шаарлардын катарында турган жана шаардык инфраструктурасы өнүгүп, көп улуттуу шаардыктар өз ара ынтымак жашашкан.

Бирок, союз ыдыраган соң, атамекендик тоо-кен өнөр жайына караштуу ишканалар четинен ишин токтотуп, өндүрүштүк кризис келип, чыккан. Ишканалар банкрот болду, миңдеген жумушчулар жумушсуз калышты. Орус тилдүүү калк тарыхый мекенине ооду. Натыйжада, шаардык инфраструктура начарлап, шаардыктардын жашоосу кыйындады.

Албетте, мындай учурда биринчи кезекте жаштарга кыйын болот. Себеби, алар мектепти аяктаган соң кайсы бир окуу жайына кирет, билим алып, кесипке ээ болот, бирок алар иштей турган жумушчу оорун жок. Аргасыздан чет өлкөгө кетишет же кылмыштуу же башка шектүү топтордун катарын толукташат.

Мына ушундай шартта 2001-жылда ЮНИСЕФтин колдоосундагы долбоорлор менен Жалал-Абад областында 9 жаштар борбору ачылып, алар айыл жана шаар жаштары менен тыгыз иш алып барууну алдына максат кылган. Ошондой Жаштар борборлорунун бири Таш-Көмүр шаарында да иштеп жатат.

Аталган борбордун максаты азыркы кезде эмне менен алектенерин билбей жаткан, билим алгысы келген же кайсы бир жөндөмдүүлүктөргө ээ болгусу келген жаштар арасында иш алып баруу, жаштардын коомдук активдүүлүгүн арттыруу, ошол аркылуу алардын коомго пайдалуу иш-аракеттерин камсыз кылуу болуп саналат.

Ошол максатта Таш-Көмүр шаарындагы Жаштар борборунда өткөн жылдын декабрында эле бир катар алгылыктуу иш-чаралар жүргөн. Алынган маалыматтарга караганда, ал жерде Негизинен жаштарды ар кайсы багыттарда окутуу иштерине негизги көңүл бурулган.

Мисалга алсак, борбордун алдындагы билим ебрүү курстарында 40 киши билим алган. Алардын 10у орус тилин үйрөнүү үчүн окушкан, себеби кийинки кездерде орус тилдүү жарандар шаарда дээрлик албай, чөйрөнүн жоктугунан жаштар орус тилин билбей калышууда жана мунун өзү алардын турмушунда кыйынчылыктарды алып келүүдө. Эгер Россияга жумуш издеп барып калышса, орус тилин билбей калуу – аларды түмөн түйшүктөргө алып келет. Ушул жагынан жардам берүү максатында өткөн жылдын акыркы айында борбордо 7 кызга жана 3 жигитке орус тилин үйрөтүшкөн.

Ошондой эле келечекке умтулган жаштар арасынан дагы 10у англис тилине үйрөнүү боюнча, 20сы информатикага үйрөнүштү. Бул да актуалдуу көрүнүш, себеби англис тилин билүү жаш жарандардын заманбап инсан катары калыптанышына таасир этет. Ал эми компьютердик сабаты жок киши азыркы кезде замандан артта калгандардын гана катарын толукташы мүмкүн.

Жаштар борбору шаардык жаштардын спорт менен жапырт алектениши үчүн кыйла аракеттерди жасады. Ошол бир ай ичинде эле шаар боюнча спорттун 4 түрү боюнча оюндар өткөрүлүп, ага 258 жаш жарандар катышышты. Алсак, шаардагы №4- мектепте волейбол боюнча жаштар арасындагы оюндар өткөрүлдү жана ага 35 жаш спортчу катышты. Бардык 7 команданын 4тү балдар командасы болсо, калган үчөөсү кыздардан турган командалар. Эң маанилүү жери – командалар ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн турат жана алар бир максатта – жеңиш үчүн чогуу аракет кылышат. Мунун өзү жаштар арасындагы этникалар аралык мамилелердин бекемделишине шарт түзүүдө.

Ушундай эле мелдештер спорттун башка түрлөрү боюнча да уюштурулду. Баскетбол боюнча мелдештерге 4 команда катышкан, катышуучулардын тең жарымын кыздар түзгөн. Бул мелдеш көрүүчүлөрдүн арасында кызыгууну туудурган. Андан тышкары, аркан тартмай, шахмат боюнча мелдештер да шаардык жаштардын кыштын биринчи айын көңүлдүү өткөрүшүнө шарт түзүп берди.

Албетте, жаштарды бир гана спорт менен машыктырбай, алар арасында ар башка иш-чаралар өткөрүлүп турган. Мисалы, №4-мектепте окуучулар менен тематикалык жолугушуу уюштурулган. Ага 60 окуучу катышып, негизинен алар Жаштар борборунун түзүлүшү, максаты жана аткарган иштери менен алдыдагы пландары тууралуу маалымат алышты. Борбордун алдындагы волонтердук клуб, аутрич тобу, борбордун жетишкендиктери окуучулар арасында кызыгууну туудурду.

Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, бул жолугушууга шаар мэриясынын, шаардык билим берүү башкармалыгынын, жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын, башка да ишканалардын өкүлдөрү катышып, окуучулар арасында кеңири сукбатташуулар, түшүнүдүрүү иштери жүргөн. Алар өз кезегинде мындай маанилүү иш-чараны уюштурган Жаштар борборуна ыраазылык билдиришкен.

Ушул жолугушууда сырттан баргандарга мектептеги айрым көйгөйлөр жүзүн ачкан. Мисалы, мектептин айрым класстарында орус тили жана адабияты, англис тили боюнча окуу китептери жетишпейт экен. Ал эми Жаштар борборунун өкүлдөрү бул маселени долбоор жазуу жана аны ишке ашыруу аркылуу чечип алса болорлугун ортого салышты.

Ушундай эле тематикалык жолугушуу №7-мектепте өтүп, ага 80 окуучу, жана жогоруда саналган мекемелердин өкүлдөрү катышкан. Кийинки №3-мектептеги мындай жолугушуу да кызыктуу өтүп, мектептеги айрым маселелер талкууланган. Ал эми жергиликтүү колледжде өткөн ушундай жолугушуу да студенттердин Жаштар борборунун ишине болгон кызыгуусу менен эсте калган.

Шаардагы Жаштар борборунун өткөргөн ири акцияларынын бири – «Биз СПИДге каршыбыз» деп аталды. Ага 650 жаш жарандар катышып, кыздар мында басымдуулук кылышты – алардын саны 350гө жетти. Ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн турган жаштар жаштар арасында бул коркунучтуу дартка чалдыгып калбоону эскертишти, дарттын жайылып кетпестиги үчүн флешмоб акциясы жүрдү. Негизинен бул дартка жаштар алкоголь жана баңгизаттар аркылуу барып жатканы өзгөчө баса белгиленди.

Ошондой эле борбор өзүнүн волнтерлору менен бирдикте шаарда «Биз биргебиз» аттуу кайрымдуулук акциясын уюштурган. Ага 25 волонтер катышкан, анын 13ү кыздардан турат. Алар шаардыктардан акча каражаттарын жыйнашып, майыптар мектебине жана жардамга муктаж майыптарга жардам көрсөтүштү. Бардык топтолгон каражат 12 миң 256 сомду түздү, ага жылыткычтарды сатып алышып, аталган даректерге тапшырышты. Майыптарга азык-түлүктөр да сатып берилди.

Бул Борборго ошол декабрь айында эле 238 киши баш баккан, ар кандай мааксаттарда кеңештер берилген жана сукбатташуулар өткөрүлгөн. Андан калса, жаштар арасында кылмыштуулукка каршы үгүт катары 4 кино-фильм көрсөтүлгөн.

М. Адылбековдун айтымында, област аймагындагы Жаштар борборлорунда мындай коомдук иштер активдүү жүрүп жатат жана бул тууралуу коомчулукка айта турган кеп арбын. Мунун баары коомубуздун коомдук туруктуулугу, ар кайсы улуттан турган калкыбыздын бүгүнкү тынчтыгы жана эртеңки бакыбаттуулугу үчүн жасалууда. Эгер жаштар билимдүү, аң-сезимдүү, социалдык жактан активдүү болсо, коомдо көп маселелер чечилип калат, ошол аркылуу жашообузга туруктуулук, тынчтык келет.

Жалил САПАРОВ,

Жалал-Абад шаары.

Эскертүү: Бул материал «Доор медиа» коомдук фондусунун колдоосу менен «Бир туугандар» долбоорунун алкагында даярдалды.

Бул материал “Доор медиа” коомдук фондусунун көз караштарын билдирбейт.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...