Акыркы макалалар

Арсланбек Сартбаевдин түшүнүк каты фейсбукта жарыяланды

Арсланбек Сартбаевдин түшүнүк каты фейсбукта жарыяланды

"Кыргызтудэй" сайтына чыккан Самсаалы Четинбаев боюнча жазылган макаланын автору менмин. Ал макала Алмаз Шакмаматов аттуу псевдоним менен чыккан. Албетте, каралоолор болгон ырас. Мен моюнга алам. Себеби, Самсаалы Четинбаев экөөбүз элдештик. Жалган маалымат чыгып кеткени үчүн кечирим сурайм!!! Асланбек Сартбаев 26.02.2015. Саат түнкү 1:37" - ушундай мазмундагы түшүнүк катты фейбуктагы өздүк баракчасына коомдук ишмер Руслан Бекназаров бүгүн, 25-февралда жайгаштырды.

"Ушундай туугандар!!!

Журналистика тармагында иштеген көптөгөн досторум, ага-инилерим, эже-карышдаштарым бар..."Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей бул "шумпай" аман болсун. "Азия ньюс" газетасы, "Кыргыз тудей сайты" сыяктуу ушак менен жан баккан "ары жок" ММКлар аман болсун...Булардын каратып туруп жалганды чындай чыгаргандыгына жеке өзүм күбө болгом. Биздин үй-бүлөгө дагы канча жолу асылышты. "Эмнеге калпты айтып жатасыңар?" десем, "такталбай чыгып кетиптир" деп кутулушаар эле...Самсаалы Четинбаев агабызды каралоо менен бирге Азимбек Бекназаровго таш ыргытып кеткен эле. Эми минтип "бет кабы" сыйрылып отурат...Таба эмес, тооба үчүн жаздым..."Эшек" окуясынан кийин, бул дагы жагымсыз окуя болду..Ушак менен жан багуу оңойдур, бирок, акырек кантет? Түбөлүктүү жайыңар кантет?" - деп ой бөлүшөт Руслан Бекназаров.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...