Акыркы макалалар

Четимбаев журналист менен атышуу тууралуу окуяга өз версиясын билдирди

"Эгерде "Азия ньюс" гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаев мен тууралуу макаланы алып салса, мен ок атуу фактысы боюнча милицияга арыз бербейт элем",-деп билдирди "ВБ"га бизнесмен Самсаалы Четимбаев.

Эскерте кетсек, Четимбаевдин өзүнүн айтымында, 20-февралда эртең менен анын мобилдик телефонуна "Азия ньюс" гезитинин башкы редактору чалып ал тууралуу макала жазганын билдирген.

"Ал менден макала жактыбы деп сурады. Мен ЖМКга жарыяланган макала менен тааныштым, ал жерде мени жамандашкан экен, анан Сартбаевге чалып жолугушууну өтүндүм. Анан анын суранычы боюнча "Асанбай" кичи районуна бардым. Жолугушкан маалда Сартбаев дароо эле мага тапанчасын көрсөтүп, эгер бир нерсе болсо атып саларын айтты. Ошондон кийин бирге отуруп спирт ичимдигин ичүүнү талап кылды, мен баш тарттым. Андан соң аны Бишкектин борборун көздөй алып баруумду суранды. Жолдон "Барашек" кафесинин жанынан токтотуумду өтүндү, ошондон кийин сөз менен айтыша кеттик, ал тапанчасын алып чыгып атып жиберди. Бирок мен реакция жасап үлгүрдүм, ок унаанын арткы эшигине тийди. Андан соң биз сүйлөштүк жана мен аны "Соха" кафесине алып барып, ал жерден журналист Эльнура Кулуевага жолукту. Андан кийин мен кетип калгам",-деп билдирди окуя тууралуу өзүнүн версиясын айткан Четимбаев.

Ал майрам күндөрү болгондуктан милицияга кайрылбай отурганын кошумчалады.

"Кечээ, 23-февралда мен кайрадан Сартбаев менен жолугуштум жана андан ЖМКга чыгарылган мен тууралуу макаланы алып салууну жана өзүнүн сөзүнө түзөтүү жазууну өтүндүм. Бирок ал баш тартты, мен Ички иштер министрлигине арыз менен кайрыларымды айттым, анткени ал мени аткан да. Эгер ал түзөтүү жазса, мен арыз бермек эмесмин",-дейт Четимбаев.

Өз кезегинде жергиликтүү ЖМКда Аслан Сартбаев тапанчаны кокустан атып алгандыгы жана анын ишкерди атууга ниети болгон эместиги тууралуу маалымат жарыяланды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...