Акыркы макалалар

Ош облусундагы диний жайларды атайын комиссия текшерип баштайт

Ош облусундагы мечит жана медреселердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча атайын Аалымдар курамындагы текшерүү комиссиясы ишин баштады. Бул туурасында аталган облустук казыяттын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Нургазы Каримов билдирди.

Бул иш-чаралар Ош облусунун мусулмандар Казысы Ниязали ажы Ариповдун буйругу менен башталды.

"Аталган комиссиянын иш-планына ар бир райондогу мечит имамынан тартып, сопу жана азанчы-кассирине чейин буйруктарын текшерүү, алардын диний билими, диний ишеним жолу, карманган мазхабын аныктоо милдеттери коюлду", — деп билдирди Каримов.

Учурда Ош облусунун аймагында 812 мечит бар. Алардын ичинен 175инде жума намаз окулат. Ал эми диний билим берген 9 медресе, эки Ислам институту ачылган.

Комиссия курамы төрт топко бөлүнүп, бир жумалык мөөнөттө Араван, Ноокат, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда текшерүү иштерин жүргүзүшөт.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы диний жетекчилик менен кеңешилип, зарыл талаптарга жооп бербеген имамдар менен дин кызматкерлерине тиешелүү чаралар көрүлөт", — деп билдиришти маалымат бөлүмүнөн.

Бул иш-чара диний жааттагы кабыл алынган мамлекеттик концепцияны ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп жатат.

Буга чейин да Кара-Суудагы "Ас-Сарахсий" мечитине жаңы дайындалган имам Сүйүналы ажы Калыков аталган мечитте иштегендердин курамын комиссиянын негизинде кайрадан караш керектигин билдирген.

Бул иш-чаранын максаты коомчулуктагы динге байланыштырылган радикализм, экстремизм жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алуу.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...