Акыркы макалалар

"Балдарын өлтүргөн деп шектелген аял" СИЗОдогу аялдарга кол салууда

Өзүнүн жаш балдарын өлтүрдү деп шектелген Амира Ибраева убактылуу кармоочу жайда отурган аялдарга кол салууда. Бул тууралуу адвокат Икрамидин Айткулов Бишкек шаардык №1 убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлерине шилтеме кылып билдирди.

Анын айтымында, акыркы 3 сутканын ичинде камерадагы аялдарды муунтуп, чачын жулуп, дүрбөлөңгө салууда. Муну менен катар аянычтуу бакырып, эшик тепкилеп, жанындагыларды ур-токмокко алууда. Ибраимовадан жабыркагандарга эч кандай жардам көрсөтүлгөн эмес", -деп билдирди адвокат.

Учурда медкызматкерлер ага кыска мөөнөткө пайда берүүчү дары-дармектерди беришүүдө.

Белгиленгендей, Амира Ибраева буга чейин "3 жана 5 жашар балдарын өлтүргөн" деп күнөөлөнгөн. 21-февралдан тарта убактылуу кармоочу жайда отурат.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...