Акыркы макалалар

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫНДА КСДП ПАРТИЯСЫ ЖЕҢИЛДИ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫНДА КСДП ПАРТИЯСЫ ЖЕҢИЛДИ

09.02.2013. ЖАЛАЛ-АБАД news. Борбордук шайлоо комиссиясын чечими менен 28-январдан 3-февралга чейин республикабыздын 20 шаарында шаар мэрлерин шайлоо күнү деп жарыяланган эле. Натыйжада, Жалал-Абад областынын Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Кочкор-Ата, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында шаардык кеңештерге өтүшкөн саясий партиялардын ортосунда мэрлик кызматка болгон жарыштардын айрымдары жыйынтыкталса, айрым шаарларда эми гана саясий оюндар башталгандай.

Анткени 28-январда Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак шаарларында мэрлерди шайлоо депутаттардын кворуму жоктугунан улам өтпөй калды. Себеби, бул күнү саат 10-00дө Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясы чакырылып, сессияга «Өнүгүү» саясий партиясынын депутаттары гана келип, калган КСДП жана «Ата-Журт» саясий партиясы түзгөн «Ак ниет» көпчүлүк коалициясынын депутаттары келбей коюшту. Бул сессияда калаа башчысын шайлоодон сырткары, 2013-жылга шаардык кеңештин келечектүү иш-планын, кеңештин туруктуу комиссия курамын жана жобосун бекитүү жана шаарды таза суу менен камсыздоодо Сузак районунун Кызыл-Туу айыл округунан алынган жер аянты үчүн компенсация төлөп берүү жөнүндөгү маселелер каралмак.

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бариса Турдубаеванын маалыматына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер болуп КСДП жана «Ата-Журт» саясий партиясы түзгөн «Ак ниет» көпчүлүк коалициясы шаардык кеңештин депутаты Муктар Арапбаевдин, ал эми «Өнүгүү» партиясы шаардын экс-мэри Бакыт Адыловдун талапкерлигин сунушташкан.

-Ушул күнгө чейин КСДП жана «Ата-Журт» партиялары «Өнүгүү» саясий партиясын чакырылган сессияларга катышпай жатат, шаардын келечегине жана элдин мүдөөсүн аткарбай келишүүдө деп айыпташып, массалык маалымат каражаттарынан чуулдатышып, жйындарда сүйлөп келишип, өздөрү шаардын тагдырын чечүүчү күнү, башкача айтканда, шаардын аткаруу бийлигинин башчысын шайлоого келбей коюшууда, дейт шаардык кеңештин депутаты Нурбек Исмаилов.

Ошентип, Жалал-Абад шаарынын кожоюну убактылуу аныкталбай, шаардагы саясий кризис дагы деле чечилбей калды.

Майлуу-Суу шаарында мэрдин талапкерлигине көпчүлүк коалициясы «Ата-Журт» фракциясынан Рахатбек Бакалаевди, азчылык коалициясы КСДПдан Закиржан Анарбаевди көрсөткөн. Бирок, «Ата-Журт» фракциясынан 14 депутат, «Замандаш-Современник» партиясынан 1 депутат шаардык кеңештин төрагасы мыйзамсыз шайланган деп келбей койгону үчүн мэр шайлоо өткөн жок. Жыйынтыгында майлуусуулук депутаттар калаа башчысын шайлай албай калышты. Эми Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрадан шайлоо өткөрүү чечими боюнча аныкталган күнү – 12-февралда шаар башчысы шайланабы же шаардык кеңеш тарап кетеби, күтө турсак буга да күбө болобуз.

Ошондой эле, Көк-Жаңгак шаарында көпчүлүк коалицияны түзгөн «Өнүгүү» партиясы менен «Ата-Журт» партияларынын 12 депутаты келип, Коммунисттер партиясынын 9 депутаты шайлоого келбей, кворум болбой, мэрди шайлоо өткөн жок. Көпчүлүк коалиция Чынтемир Өмүрзаковду көрсөтүшкөн болчу, бирок азчылык коалиция бул талапкерди колдобогондуктан улам, сессияга келүүдөн баш тартышкан.

Ал эми Кара-Көл шаарынын мэрине “Өнүгүү” партиясынан Мамбет Койчиев шайланды. Бул талапкерге каршы буга чейин шаар мэри кызматын аркалаган Ильяз Эркеевдин талапкерлигин «Ата-Мекен» партиясы көрсөткөн эле. Ошентип, Кара-Көл шаарынын аткаруу бийлигин «Өнүгүү» саясий партиясы утуп алды.

Таш-Көмүр шаарында болсо, «Биримдик» аттуу көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Бекболот Миңбаев депутаттардын 18 добушун алуу менен шаардын мэри болуп шайланды. Шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясына Кыргызстан коммунисттер партиясы, «Өнүгүү», «Ата-Журт», «Ата-Мекен» партиясы кирген эле. Шаардык кеңештин төрагасы М. Кулдушев да ушул көпчүлүк коалициясынан, башкача айтканда, Комунисттер партиясынан депутат. Ал эми КСДП партиясынан көрсөтүлгөн Ырысалы Ызабеков депуттардын 7 добушун, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан көрсөтүлгөн Нурлан Добулбеков 6 добуш алышып, мэрлик кызматка жетишпей калышты. Натыйжада, шахтерлордун шаары деп эсептелген Таш-Көмүр шаарын «атамекенчи» Бекболот Миңбаев башкарып калды.

Эң кызык мэр шайлоо Кочкор-Ата щаарында болду десек болчудай. Анткени бул шаарда «Өнүгүү» партиясы менен «Ата-Журт» партиясы биригишип, көпчүлүк коалициясын түзүшүп, шаардык кеңештин төрагасына «атажуртчу» Базаркул Артыков шайланган эле. Эми коалициялык макулдашуу боюнча «Өнүгүүдөн» шаардын мэрин шайлап алабыз деп жатышканда, күтүүсүздөн азчылыкты түзгөн «Ата-Мекен» партиясы сунуштаган азыркы шаар башчысы Кубаныч Эгембердиев шайлоодон утуп чыгат. Ошентип, нефтичилердин шаарын да «Ата-Мекен» партиясы колго алып, аткаруу бийлигин ары-бери тескей турган болду.

Жалпылап айтканда, шаар мэрлери аныкталган шаарларда бүгүнкү бийликтегилердин караандары (КСДП партиясы) көрүнбөдү, ал эми шайланбай калган шаарларда кандай болоорун, дагы эле элдин көкөйүнө көк таштай тийген бүгүнкү бийликтин өкүлдөрү келеби же оппозициялык маанайдагы партиялардын өкүлдөрү шаарларды башкарып калабы, аны убакыт көрсөтөт.

Майрамбек АДЫЛБЕКОВ,

Жалал-Абад шаары.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...