Акыркы макалалар

Алмамбет Анапияевдин сөөгү бүгүн алынып келиши мүмкүн

Эл аралык алыш күрөш федерациясынын президенти Алмамбет Анапияевди өзүнүн туулган жеринде жерге беришет. Азыркы учурда анын бир тууганы Минск шаарында жүрөт, ал жерде токтоп турган "Мерседес" унаасынан өлтүрүлгөн Анапияевдин сөөгү табылган болчу. Бир тууганы учурда тууганынын сөөгүн тааныды.

Жактоочунун айтымында, баардык экспертизалар бүтө элек. Жыйынтыктар чыгарылгандан кийин Анапияевдин сөөгүн жүк-200 аркылуу Кыргызстанга алып келишет. Балким бүгүн, 24-февралда буга уруксат берүүлөрү ыктымал.

18-февралда Белорусиянын Минск шаарындагы Либкнехт көчөсүнөн бизнес класстагы Mercedes унаасынан адамдын сөөгү табылган. Анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн Белоруссиянын укук коргоо органдары билдиришкен. Анын жанынан Шакиров Алмазбек Мийзамович деген жаранга берилген Россиянын паспорту табылган.

Алмамбет Анапияев 1973-жылы 17-августта Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Жекенди айылында туулган. 2003-жылы тоноо үчүн сегиз жылга кесилген. Бирок, үч жылдан кийин мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

2011-жылдын январында ага карата адам уурдоо, каракчылык жана кишини мыйзамсыз эркинен ажыратуу беренелери боюнча сыртынан айыбы угузулган. Ошондой эле, ага эл аралык издөө жарыяланган.

Кошумчалай кетсек, Анапияев акыркы убактарды Бириккен Араб Эмиратында жашап келген. 2012-жылы АКШнын бийлиги аны криминалдык авторитет Камчы Көлбаев менен бирге эл аралык криминалдык топ уюштурду деп таанып, кара тизмеге киргизилип, мүлкү камакка алынган. 2014-жылы аны Дубайда кармалды деген маалымат тараган. Бирок, аны болгону документтерин тактоо үчүн эле полицияга чакырылганы жана ошол эле күнү кое берилгени маалымдалган

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...