Акыркы макалалар

Сарым БЕКБОТОЕВ: «7-КАНАЛДА» ЖАҢЫЛЫКТАР ӨЗБЕКЧЕ БЕРИЛИШИНЕ БИЗ КАРШЫБЫЗ»

09.02.2013. ЖАЛАЛ-АБАД news. Өлкөдө мамлекеттик тил маселеси боюнча талаш-тартышты жараткан нерселер көп. Коомчулукта Жалал-Абаддан чыгуучу «Канал D» («7-канал») телеканалында жаңылыктарды өзбек тилинде да алып чыгуу демилгеси кызуу талаштарды жаратууда. Ал тууралуу ошол телеканалдын жетекчиси Алтынбек Жумаев да www.jalabadnews.kg порталына маек берип, өзүнүн көз караштарын билдирген. Ал эми башкалардын бул маселе боюнча пикири кандай? Ушуну билүү максатында «Абды Сүйөркулов» коомдук фондусунун төрагасы Бекботоев Сарым Жүзүмбаевичке бир катар суроолор менен кайрылдык.

-Жалал-Абад шаарындагы «7-канал» жаңылыктар түрмөгүн өзбек тилинде да алып чыкмак болуп жатат. Ал эми сиз буга каршы чыгып, кол топтоп жатасыз. Эмне себеп?

-Мындан үч эле жыл мурун, 2010-жылга чейин Ош, Жалал-Абад шаарларында «Ош ТВ», «Мезон ТВ» телеканалдары өзбек тилинде программаларын, жаңылыктарын алып чыгып келишкен. Ошого карабастан Кадыржан Батыров башында турган улутчул сепаратисттер өзбек тилин расмий тил катары мыйзам менен бекитип беришин жогорку бийликтерден сурап, маселе көтөрүшкөн. Натыйжада, каргашалуу июнь окуясы миңдеген бейкүнөө адамдардын өмүрүн алып кетти. Эми буга үч жылдын жүзү болбой жатып, кайрадан тил маселесинин көтөрүлүшү жалпы коомчулугубуздун бүйүрүн кызытууда. Мына ушга байланыштуу мен жана менин талапташтарым бир нече ирет массалык маалмат каражаттары аркылуу «7-каналдын» жетекчиси А. Жумаевге кайрылганыбызга карабай, дагы да болсо өзүм билемдикке салып жаткандыгына байланыштуу, биз кол топтоого мажбурбуз. Учурда 7000ден ашуун кол топтолуп, дагы деле топтолуп жатат. Биз топтолгон колдордон, телекөрүүчүлөрдүн пикирлеринен телеканалдын жетекчилиги жыйынтык чыгарып, элдин үнүн угат го, деген пикирдебиз.

-Бирок, А. Жумаев мырза массалык маалымат каражаттарына берген жоопторунда өзбек тилинде маалымат алуунун коомчулукка эч кандай зыяны жок деп жатпайбы?

-Алтынбек Жумаевдин 2013-жылыдын 29-январдагы массалык маалымат каражаттарынын биринде берген «Өзбек тилинде маалымат алуу - эч кимге зыян эмес», - деген жообун окуп чыгып, мыкты деген журналисттерибиздин болгон-толгон деңгээли ушул болсо, «Ишенген кожоң сууга акты, алды-алдыңан тал карма», - дегенден башка эмне демекчибиз? «Өз эне тилден башталат, өзгөнүн тилин барктамак» дегендей, Алтынбек мырза оболу түпкүлүктүү эл аталган кыргыз элин нукура кыргыз тилинде сүйлөгөнгө камкордук көрүп, союз убагында «киргиз» болуп калган атуулдарыбызды кыргызча сүйлөткөнгө күйүп-бышса, биз аларга колдон келген рахматыбызды айтаар элек. Ал эми учурда өзбек туугандарыбыз өзбекче маалымат алганга муктаж да, кызыктар да эмес! Кыргыз элинде мындай адамдарды «күйбөгөн катын кошокчу» деп коёт! Анткени, өзбек интелегенциясынын билимдүү алдыңкы тобу мамлекеттик тилди билмейинче жана аны толук өздөштүрмөйүнчө өзбек жаштарынын келечеги караңгы экенин эчак эле түшүнүшкөн. Буга учурда балдарын кыргыз мектептерге берип жатышы далил болот. Себеби, союз учурунда көпчүлүк жаштары Өзбекстандан жогорку билим алып келсе, Өзбекстан Республикасы латын алфавитине өткөндүгүнө байланыштуу учурда Кыргызстандан билим алууга мажбур. Ал эми Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынан окуш үчүн тез аранын ичинде мамлекеттик тилди өздөштүрүүбүз зарыл деген тыянакка келишкендей. Эгерде жогорку билимдү болуп жогорку мамлекеттик кызматтарда иштейбиз дешсе, анда «самоизоляция» болбой, түпкүлүктүү эл менен тизгин талашпай, мамыр-жумур жасашса, бат эле мамлекеттик тилде сүйлөп калышат. Буга мен толук ишенем. Ал эми зыяны жөнүндө кеп кылсак, мамлекеттик тилибизге көлөкө түшүп, өнүкпөйт. Экинчиден, кыргыз тилин билбеген, окуйм деген ынтызар өзбек жаштарынын тагдырына балта чабылат. Бул зыян эмей эмне?

-Жергиликтүү өзбек калкы бул маселеге кандай көз карашта?

-Мен жогоруда белгилегендей, өзбек интелегенциясынын билимдүү алдыңкы тобу Алтынбек Жумаевдин бул кадамын эки бир тууган элди бөлүп жарып, эми карттанып келе жаткан жараны кайра ырбатып жатат, бизге тынчтык керек дегендей кыязда. Анткени, биринин аялы кыргыз, экинчисинин күйөөсү кыргыз. «Биз ушул сен өзбек, сен кыргыз дегенден таптакыр жададык. Биз силердин «7-каналыңарды», чынын айтсак, көрбөйбүз деле. Эгерде өзбекче көргүбүз келсе, Өзбекстандын телеканалдары толтура. Алтынбек мырза бул жагдайда убара болбой эле койсун, айтып койгула» деп жатышат.

Экинчиден, «биз кыргыз тилин жакшы эле билебиз жана түшүнөбүз, тилмечтин кереги жок. Ошону менен эле бирге, өзбек жаштары соода менен эле алектенип, акчанын кулу болбой, кыргыз тилинде таза сүйлөп, мамлекеттик кызматтарда иштешин көргүбүз келет. Ал эми Алтынбек мырзанын жогорудагы кадамын, эмне бизден билимдүү жаштардын чыгышын каалабайт бекен?» дегендей кабылдашууда.

-А. Жумаев бул кадамы менен эки элди достукка, ынтымакка чакырабыз деп жатпайбы?

-Эгерде Алтынбек мырза кыргызга кыргызча, өзбекке өзбекче маалымат берүү менен эки элди ынтымакка чакырам десе, анда ал терең жаңылышат. Мисал үчүн, күйөөсү кыргыз, аялы өзбек бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү эки башка тилде сүйлөсө, кантип ал үйдө ынтымак болот? Ошондой эле, мамлекеттик бирдиктүү саясатты жүзөгө ашыруу үчүн ошол өлкөдө жашаган бардык улуттар мамлекеттик тилде сүйлөөсү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени, жакынкы да, алыскы да кошуналарыбыз жалаң гана мамлекеттик тилде иш алып барышууда. Буга далил болуп Малайзия мамлекетин 22 жыл башкарып, артта калган өлкөдөн гүлдөгөн өлкөгө айландырган премьер-министр Махатхир Махамад өткөн жылы өлкөбүзгө келгенде мындай деген эле. Малайзияда көптөгөн улттар жашайт, жарымынан көбүрөөгү түпкүлүктүү эл, үчтөн бири кытайлар жана башка улуттар. Ошого карабастан мамлекеттик бирдиктүү саясатты жүзөгө ашыруу үчүн, улуттар аралык чыр-чатактарды болтурбоо үчүн башка улуттарды түпкүлүктүү элдердин айланасына топтоп, улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коюп, мамлекеттик тил болгон малай тилинде сүйлөгөнгө үйрөттүк. Ошондой саясаттын негизинде өлкөбүз болуп көрбөгөндөй жетишкендиктерге жетишишти. Силер да биздин тажрыйбабызды колдонсоңор жаман болбос беле,дегендей оюн айтты. Ал эми өлкө ичинде жогорудагыдай саясат алып барыш үчүн бир гана саясий эрк керек деп айтканы эсибизде.

Дүйнөлүк тарыхта опол тоодой орду бар бул улуу инсандын кеп-кеңешин эске алсак жаман болбос эле. Эгерде биздин өлкө жетекчилерибиздин саясий эрки жетип, Кыргызстанда жашаган бардык улуттарды түпкүлүктүү элдердин тегерегине топтоп, улуттук идеологиянын концепциясын иштеп чыгып, мамлекеттик тилдин тегерегинде иш алып барышса, бардыгы өз-өз ордуна туруп калат эле.

-Кыргыз тилине күйгөн жаран катары сиздин окурмандарга айтаар сунушуңуз барбы?

-Урматтуу окурман! Биздин өлкөбүз баланын үйү, бабанын алачыгы эмес! «Жаман үйдү коногу билет» кылбай, кылымдап кыргызды кыргыз кылып келе жаткан тили бар үчүн, кыргыз эли бар экендигин, кыргыз эли бар үчүн, кыргыздар башында турган «Кыргызстан» деп аталган мамлекетибиз бар экендигин билсек. Ошондой эле Кыргызстанда жашаган башка улуттарды ынтымакка, биримдикке чакырып, өлкөдө кандай гана окуялар болбосун, түбү келип, түпкүлүктүү эл жоопкер экенин башка улуттар сезгидей кылып, мамлекеттик саясатты туура жүргүзсөк жакшы болот беле? Ал эми өлкө жетекчилери тилге болгон саясатты коркпой-үркпөй эле түп-тамырынан бери өзгөртүп, Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева сунуштап жаткан мыйзам-долбоорун колдоого алышса, көп нерсе чечилип калат беле, деген оюмду айткым келет.

Аягында айтаарым, кыргыздар башында турган улуу кыргыз каганатынын түптөлгөнүнө 1170 жыл болгондугун белгилеген борбор калаабызда илимий конференция өтүп, анда дүйнө элинен келген белгилүү тарыхчылар катышып, бул маалыматтын чын экендигин бир ооздон далилдешип, ал тургай дүйнөдө Кыргыз таануу, Манас таануу саясаты жүрүп жаткандыгын белгилеп өтүштү. Анан биз ушундай орошон окуялардан кийин да мамлекеттик тилибизди асырай албай мажүрөлүк кылып, Алтынбек мырза баш болгон журналисттерибиз мамлекеттик тилибизди тебелеп-тепсеп, кымындай Кыргызстанды кыркка бөлүп, «разделяй и властвуй» деген таризде жасаган кадамын биз нааразычылык менен айыптайбыз. Эгерде Кыргызстанда жашаган 80 улуттун өкүлдөрү, 80 тилде сүйлөсө, кантип ынтымакка келебиз жана кантип ынтымакка чакыра алабыз, бизге түшүнүксүз.

Маектешкен Майрамбек АДЫЛБЕКОВ,

Жалал-Абад шаары.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...