Акыркы макалалар

Жаңы курулуштардын 10% мыйзамсыз

Өткөн жылы өлкөдо 3067 курулуш обьект курулган болсо, анын 331и мыйзамсыз. Бул тууралуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан маалымдашты. Анын ичинен 264 курулуш обьекти уруксатсыз пайдаланууга берилген. Мындан тышкары 371 курулуш экотехинспекция тарабынан токтотулган. Ошондой эле курулуш обьектилериндеги түрдүү кемчиликтерди жоюу тууралуу 2298 эскертүү берилген.

Экотехинспекциянын маалыматы боюнча аталган орган курулуш обьектилеринен сырткары жолдордун, көпүрөлөрдүн жана майбекеттердин коопсуздугу, мечит, мектептердин курулуш сапатын текшерүүгө алынууда.

Акыркы жылдары Бишкек, Ош шаарларында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу күч алды. Айрым адистер курулуштардын сапаты, кабаттуулугу шаарлардын сейсмикалык абалына дал келбестигин айтып чыгышкан.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...