Акыркы макалалар

Баткенге кореялык ишкерлер кызыгууда

Мындай маалыматты Баткен облустук акимчилигинен «Азаттыка» билдиришти. Малыматта айтылгандай өткөн апта соңунда облус аймагына кореялык «Bio Agro» компаниясынын директору Лим Хюн Кванг келген. Ал жергиликтүү ишкерлер жана бийлик өкүлдөрү менен жолукту. Аталган компания Баткен облусу менен айыл чарба жана тоо-кен тармагында, медицина жаатында кызматташууга кызыкдар. Жолугушууда Лим Хюн Кванг облус аймагын терең изилдөө менен атайын бизнес-план түзүлөт деп айтты.

Өткөн жумада Баткен облусунун аймагындагы ишкерлер менен экономика министри Темир Сариевдин катышуусунда жыйын болгон. Анда аймакта инвесторлор үчүн бут тоскон жагдайлар жана бажы биримдигине кирүүдөгү ишкерлер үчүн түзүлүп жаткан шарттар талкууланган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...