Акыркы макалалар

Аида Салянова нарындыктар менен жолугушту

Аида Салянова нарындыктар менен жолугушту

21-февралда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова нарындыктар менен жолукту. Нарын облустук драма театрында өткөн жолугушууга 500дөн ашык киши келгенин “Азаттыкка” Нарын шаардык мэриясынан кабарлашты.

Жолугушууда Аида Салянова “Күчтүү Кыргызстан” аттуу саясий партия түзүп жатканын кабарлап, ушул жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышарын билдирди.

"Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү башталар алдында жер-жерлерде партиянын штаб бөлүмдөрү ачылып жатат", - деди Салянова.

Аида Салянова баш прокурорлуктан кеткенден кийин журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, шайлоого баруу ниетин билдирген. Кыргызстанда 200гө чамалуу саясий партия каттоодон өткөн.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...