Акыркы макалалар

Зергерлер мамлекеттин колдоосуна муктаж

Зергерлер мамлекеттин колдоосуна муктаж

Улуттук алтын корунун көлөмү боюнча КМШ өлкөлөрүндө үчүнчү, ал эми дүйнөдө 21 орунда турган Кыргызстанда зергерлик тармагын өнүктүрүү аркылуу өлкөнүн казынасына ири көлөмдөгү кошумча каражат алып келүүгө болот. Бирок адистердин баамында, өлкөдө ири өлчөмдө алтын, күмүш өндүрүлгөнү менен алар жергиликтүү зергерлердин колуна тийбейт.

Өз алтынына өзү ээ боло албай...

Кыргызстанда жыл сайын орто эсеп менен 20 тоннага жакын алтын, 5 тоннага жакын күмүш өндүрүлөт. Бирок жергиликтүү зергерлер анын болгону 2-3 пайызын гана иштетишет. Мунун башкы себебин Зергерлер бирлигинин директору Чыңгыз Макешов атамекендик чийки заттын кымбаттыгы менен түшүндүрдү. Мунун айынан Кыргызстанда жасалган алтын буюмдун баасы кымбатка түшүп, натыйжада чет элдиктердики менен атаандаша албайт. Мындан улам зергерлер чийки затты көбүнесе чет элден алып келип, ишмердүүлүгүн жарым-жартылай көмүскө жүргүзүп келатат. “Зергерчилик менен алектенгендердин иши сырьего барып такалат. Биз сырьелордун өңчөй бөлүгүн чет өлкөлөрдөн, калганын ломбарддардан алабыз. Бизде өндүрүлгөн алтын-күмүштөр дүйнөлүк баада сатылгандыктан, металлды сатып алуу биз үчүн кымбатка турат”,-дейт Ч.Макешов.

Салык санаасы

Зергерлер бирлигинин аткаруучу директору Вячеслав Стрельников билдиргендей, кыргыз өкмөтү зергер буюмдарга болгон акциздик салыктарды алып салган. Азыркы учурда 2,5 пайыздык кошумча салыгын алып салуу маселеси коюлууда. Эгерде өкмөт бул салыктын түрүн алып салса, зергерчилер учүн бир топ жеңил болмок.

Анын айтымында, учурда өлкөдө зергерчилик менен үч миңге чукул адам эмгектенет. Эгерде жергиликтүү зергер буюмдар дүйнөлүк рынокко чыкса, өлкөдө 20 миңдей жумуш орду түзүлүп, салык төлөө жагынын көрсөткүчү дагы өсмөк.

“Кыргызстанда зергер буюмдарга болгон салык эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлөт. Мисалы, Түркияда алтын буюмдарга болгон кошумча нарк салыгы 18 пайызды түзүп 48 сомдон айланса, Кыргызстанда 12 пайызды түзүп, 145 сом төлөнөт. Өкмөт өткөн жылы 3 пайыз бажы төлөмдөрүн кыскартты эле, казынага 44 млн.сом бажы төлөмдөрү чогултулду. 2008-жылы ушул эле төлөм бар кезде 7 млн. сом түшкөн. Зергерчилик жаатындагы ушундай тоскоолдуктар жоюлса, көмүскөдөгү зергерчилер да ачыкка чыгат эле», - дейт В.Стрельников.

“Келдикенин” көчүрмөсү коңшу өлкөлөрдө

Кыргыздын улуттук колоритин чагылдырып, өзгөчө жасалгадагы зер буюмдарын жасап келаткан «Келдике» зергер компаниясы чет жактарда да кулачын жаюуда. Жакында аталган компания Кытайдын Үрүмчү шаарында өз өкүлчүлүгүн ачып, кыргызстандык буюмдарды сата баштады. «Биздин компаниянын жасалма буюмдарын эми Кытай, Түркия мамлекеттеринде жасалууда. Тилекке каршы, жасалма буюмдар биздин рынокко келип, арзан наркта сатылууда. Жасалма буюмдар менен кармалгандар 1,5 миң сом төлөп оңой элекутулуп кетип жатышат. Бул дагы чара көрө турган маселелердин бири”- деди Чыңгыз Макешов.

Зергерлер көйгөйү өкмөттүн көмөгү менен чечилеби?

Зер буюмдун баасын көтөрбөө, жергиликтүү алтындар иштетилбестен сыртка сатылып кетпөөсү үчүн зергерчилер расмий бийликке кайрылып, маселени чечүүнүн бир нече жолун сунуштаган. Зергерлер бирлигинин жетекчиси Чыңгыз Макешовдун айтымында, бийлик жетекчилери менен зергерлерчилик жаатында эмгектенген өкүлдөр жолугуп, алтынды кантип иштетүү, канткенде мамлекеттин казынасына көбүрөөк пайда алып келсе боло тургандыгы талкууланган. «Жолугушууда биз өкмөткө бир нече маселелерди чечип берүү жагы менен кайрылдык. Аларды бириндеп айта турган болсом, өкмөт «Кыргызалтын» ишканасы аркылуу Лондондогу биржага биздин буюмдарды чыгаруу маселесин кароо. Мамлекеттик мүлк фонду аркылуу биздин ассоциацияга имарат бөлүп берүү. 2011-жылдан бери Жогорку Кеңештин кароосунда турган «Кымбат баалуу металлдар жана таштар» тууралуу мыйзамын кабыл алуу. Экономика министрлиги тарабынан салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү. Ошондой эле С.Чокморов атындагы окуу жайына жабдууларды сатып алып, ал жакта окуган окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү максатында 5 млн. сом бөлүү. Зергер өнөр жайын өстүрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу маселелерин койдук», - деди Ч.Макешов.

Кыргызстанда зергерчилик менен элүүгө чукул ишкана шугулданат. Жогоруда саналган өтүнүчтөр бийлик тарабынан колдоо таап, алар жолдогон сунуштар мыйзамдаштырылса, өлкө казынасына миллиондогон акча түшүрүп, миңдеген жумушчу орундарын түзүүнү убада кылууда.

Назгүл Бостонбаева

Сүрөт: http://kyrg.ru

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...