Акыркы макалалар

Чаткалдык кыз-келиндер жасаган шырдак 15 миң сомдон сатылууда

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жергиликтүү уздар тарабынан жасалган шырдактардын үлгүсү кыргыздын башка шырдактарынан айырмаланып турат. Мындай ойду Чаткалга үч жыл мурда жергиликтүү чеберлердин иши менен таанышууга келген Кыргызстан кол өнөрчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Динара Чочунбаева айткан. Анын айтуусунда, чаткалдык чеберлердин шырдактары монголдордун “шыртык” деп аталган шырдактарына окшош. Чаткалда шырдакты жергиликтүү эл “шырык” деп да атап коюшат. Бул тууралуу аталган райондук мамлекеттик администрациядан билдирди.

“Чаткалда кыш мезгили дээрлик алты айга созулгандыктан, чаткалдык кыз-келиндер кыштын узун түндөрүндө шырдак, оймо кийиз сыяктуу кыргыздын улуттук буюмдарын жасоо менен алектенишет. Жакшы тигилген шырдактын баасы он беш миң сомдон жогору турат. Чаткалда үйлөнүү той, жаңы үйдү көрүү сыяктуу иш чараларга кымбат баалуу килемден көрө шырдак алып барууну эп көрүшөт. Айыл калкы үчүн кыргыздын илгертен колдонуп келаткан буюмдардын өз баасын жогото электиги кубандырат”,-деп айтылат райондук администрациянын маалыматында.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...