Акыркы макалалар

Электр энергиясына карата бааны февралдын соңуна чейин аныкташат

Февралдын соңунда Мамлекеттик отун-энергетикалык тармакты жөнгө салуу боюнча агенттик электр энергиясына карата бааны аныктайт. Бул тууралуу "ВБ"га аталган ведомствонун башчысы Нурбек Элебаев билдирди.

Буга чейин мамлекеттик агенттик Кыргызстанда турмуш-тиричиликке электр энергиясын колдонгон абоненттер үчүн апрель айында анын баасы бир кВт∙ саатына 84 тыйынга чейин жогорулай турганын билдирген. Бирок бир аз кийинчерээк президент Алмазбек Атамбаев калк үчүн социалдык пакетти 70 тыйын деңгээлинде сактоо тапшырмасын берген.

Элебаев бааны жогорулатуу 2014-2017-жылдар үчүн электр энергиясына жана жылуулукка карата орточо мөөнөттүү тариф саясатына киргизилгенин түшүндүрдү. "84 тыйын менен эсептөө баасы өткөн жылдын ноябрь айында эле пландалган, ал тууралуу азыр эле айтылып калган жок. Бирок биз президенттин айткан сөзүн көңүлгө алабыз, анткени ал аталган сунушту коомчулуктун кайрылуусунан улам сунуштап жатат",-деп белгилейт аткаминер.

Элебаевдин айтымында азыркы учурда мамлекеттик агенттик эксперттер менен кеп-кеңеш өткөрүп, эсептөө иштерин жүргүзүп жатат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...