Акыркы макалалар

Мыйзамсыз сакталган ок-дарылар табылды

Борбордогу кичи райондордун биринен мыйзамсыз сакталган курал-жарактардын ок-дарылары алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, курал-жарактар жүргүзүлгөн рейддин алкагында Улан кичи районундагы гараждардын биринен табылган. Иликтөөдө ал 58 жаштагы М.А. аттуу жаранга таандык экени белгилүү болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан М.А. аттуу жаран Октябрь райондук ИИБине жеткирилген. Анын айтымына караганда, ал мергенчи, ошондой эле мергенчиликке пайдалануучу курал-жарактарды оңдоо менен алектенет. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...