Акыркы макалалар

Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин телевизордун баасы кымбаттайт

Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин электрондук товарлардын ичинен телевизордун баасы кымбаттайт. Мындай бүтүмгө Кыргызстан альянска биротоло киргенден кийин кабыл ала турган Бажы биримдигинин бирдиктүү бажы тарифинин ченемин (ставка) карап чыккандан соң келүүгө болот.

Суюк кристаллдуу сыналгыларды өлкөгө 3,3%, 6,7%, 10%, 12% пайыздык ченем менен алып киришмекчи. Бул өз кезегинде алардын кымбаттоосуна алып келет. Анан калса санариптик сигналды кабыл ала турган ТВ-тюнери бар телевизорлорго баарынан көп, тактап айтканда, 13,3 пайызга баа көтөрүлөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстан 2014-жылдан тартып аналогдук берүүдөн санариптик берүүгө өткөрүлүп жатат.

Башкы электрондук товарлардын түрлөрүнүн баасы бир аз гана жогорулайт. Мисалы, флеш-карталар -10 пайызга, фотоаппараттар – 5 пайызга, видеокамералар – 3 пайыздан 5 пайызга чейин наркын көтөрөт.

Унаалардын радиосун бажыга 10 пайыздык ченем кошуп импорттошсо, ал эми GPS-навигаторлорго 5 пайызы бажы ченем алынат.

Ошол эле маалда сырттан импорттоло турган компьютерлердин, ноутбуктардын, планшеттердин жана уюлдук телефондордун бажы алымы кымбаттабайт.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...