Акыркы макалалар

ЕАӨБ Камбар-Ата-2-ГЭСинин экинчи агрегаты үчүн 80 миллион доллар бөлөт

Бүгүн,19-февралда Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев "ВБ" менен болгон маегинде Камбар-Ата 2-ГЭСинин экинчи агрегатын сатып алуу боюнча каражат табууда жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

"Евразиялык өнүгүү банкынын (ЕАӨБ) Кризиске каршы фонду аталган долбоорду каржылоо боюнча биздин билдирүүнү колдоду. Быйыл биз зарыл болгон каражатты алабыз го деп күтүп жатабыз",-дейт министр.

Белгилей кетсек, буга чейин "Электр станциялары" ачык акционердик коому экинчи агрегатты сатып алууга 100 млн доллар керектелерин маалымдаган. Бирок аталган каражат 2015-жылдын республикалык бюджетинде каралган эмес.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...