Акыркы макалалар

ЕАЭБдин стандарттарына туура келген ветлаборатория бир айдан кийин ачылат

Аккредитациядан өткөн алгачкы лаборатория Кыргызстанда бир айдын ичинде ачылат. Бул тууралуу ЕАЭБдин ветеринардык жана фитосанитардык жаңы талаптары боюнча шаршемби күнү, 18-февралда уюштурулган кереге кеңеште экономика министринин орун басары Данил Ибраев билдирди.

Анын айтымында, биринчи аккредитацияны Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору алат.

"Учурда аны аккредитациялоо процесси аяктайт. Айыл-чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча борбордук лабораториясы да аккредитация алуу алдында турат. Башка лабораториялар да арыздарын беришкен", — деди ал.

Ибраев мындай деңгээлдеги эки лаборатория азырынча өлкөнүн түштүгүндө бирөө жана түндүгүндө бирөө гана болорун кошумчалады.

Ал ошондой эле, кошумча лабораторияларды түзүп, алардын сапат сертификатын алуусуна Кыргыз-Россиялык инвестициялык фонддун каражаттары жардам бериши мүмкүндүгүн айтты.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...