Акыркы макалалар

Ө.Текебаев элчи Шон Стайл менен жолугушту

Жогорку Кеӊештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 17-февралда Канаданын Кыргызстандагы элчиси Шон Стайл менен жолугушту.

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелерди арттыруу жаатында пикир алышты. Текебаев элчинин иши өлкөлөр ортосундагы байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө түрткү берерине ишенерин билдирди.

“Биздин өлкө парламенттик демократия жолуна түшкөндүктөн, демократиялык принциптерди бекем карманабыз”,- деген депутат өлкөнүн шайлоо системин реформалоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Стайл канадалык тараптын Кыргызстан менен мамилесин бекемдөө үчүн бир катар депутаттар менен жолугушууларды өткөргөнүн билдирди.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...