Акыркы макалалар

Эртең парламент кыргыз кинематографиясынын абалын талкуулайт

Эртең, 18-февралда Жогорку Кеңеш кыргыз кинематографиясына мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселесин карайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы жылдары мамлекеттик бюджеттен кыргызча тасмаларды тартууга көп көңүл бурулуп баштаган. Мисал катары “Курманжан Датка” тарыхый тасмасын айтсак болот. Аталган фильмге 70 млн сом жумшалып, бирок кеткен каражатты тасма толугу менен актаган.

2015-жылы мамлекеттин буйрутмасы менен, Шабдан Баатыр тууралуу фильм тартылганы турат. Ага өлкө казынасынан 10 млн сом бөлүнөт.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...